Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:20

Түштүк Корея: Прокурор мурдагы биринчи айымга 15 жыл сурады


Түштүк Кореянын мурдагы биринчи айымы Ким Гон Хи.
Түштүк Кореянын мурдагы биринчи айымы Ким Гон Хи.

Түштүк Кореянын прокуратурасы 3-декабрда мурдагы биринчи айым Ким Гон Хини бир нече кылмыш иши боюнча жалпы 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ал пара алуу жана башка айыптар менен соттолуп жатат.

Ким өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, коомчулуктан "түшүнбөстүктөргө жол ачканы үчүн" кечирим сурады.

Прокурорлор мындан тышкары, ага эки миллиард вон (1,36 миллион доллардай) айып пул салууну жана мыйзамсыз алган деп эсептелген каражатты кайтаруу үчүн 940 миллион вон өлчөмүндө кошумча кенемте төлөөгө милдеттендирүүнү сурашты. Айыптоолордун арасында Кимдин чиркөөдөн кымбат баалуу белектерди алганы дагы бар.

Прокурорлор ал чиркөөдөн эки Chanel сумкасын, бриллиант шуру жана башка белектерди алганын, алардын жалпы баасы 80 миллион вон экенин айтышты.

Ал эми Кимдин жактоочулары бул дооматты "негизсиз" деп атап, чиркөө бул сумкаларды Кимге белек катары бергенин билдиришти.

Учурда анын күйөөсү, Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл дагы соттолуп жатат. Ага "төңкөрүш уюштуруу" боюнча оор айып тагылууда. Эгер күнөөсү далилденсе өмүр бою түрмөгө кесилиши мүмкүн. Юн бул айыптарды толугу менен четке какты.

Былтыр 3-декабрда Юн Сок Ел күтүүсүз аскердик абал жарыялап, өлкөдө башаламандык жаралган. Анын мындай чечиминен кийин парламент импичмент жарыялап, эки апта өтпөй кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Өткөн айда атайын прокурор Юн менен жакын иштешкен мурдагы премьер-министр Хан Док Су үчүн да 15 жылдык жаза сураган.

Шерине

XS
SM
MD
LG