Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:32

Шайлоо: №13 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды


Ноокендеги добушканага илинген телефон. Видеодон алынган скриншот
Ноокендеги добушканага илинген телефон. Видеодон алынган скриншот

Жалал-Абад облусундагы №13 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. БШКнын өкүлдөрү 3-декабрда өткөн жыйында аталган округдагы жыйынтыктар №2410 добушканасында үкөктүн үстүнө телефон илинген видеого байланыштуу жараксыз деп табылганын билдиришти. Боршайком муну менен добуш берүүнүн купуялуулугу тууралуу эреже бузулган деп тапты. Кайра шайлоого азыркы талапкерлер катыша албайт.

БШК аппаратынын шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Махабат Кожокеева жыйында жалпысынан 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганын, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганын айтты. Анын билдирүүсүндө, "байкоочулар атайын белгиленген жайларда отурушу керек, бирок айрым тилкелерде алар мыйзам бущуу менен тыюу салынган жерлерге камера коюшкан".

Буга чейин облустук милиция 30-ноябрда №2410 шайлоо тилкесинде талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлдөрү тарабынан эсептөө үкөктөрүн видеокамерага тартып жатканы аныкталганын билдирген.

Мунун алдында “7-канал” добушканада шайлоо күнү тартылган видеону жарыялаган. Анда добушканада бюллетендерди салуучу үкөктүн үстүнө илинген телефонду көрүүгө болот.

Видео тартып жаткан кишиге жооп берген адам ал талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлү экенин, кайсы бир адамдар телефонду ушинтип илип коюуга буйрук беришкенин айтканын көрүүгө болот. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алар “мүмкүн эмес экенин айтканына карабай, илип коюшканын” билдирген. Мындан кийин тилкеге милиция кызматкерлери келип, териштире баштаганы тартылган.

№2410 добушканасы Ноокен районунун жана Базар-Коргон районунун бир бөлүгүн камтыган №13 шайлоо округуна кирет. Бул округда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттин сегизинчи чакырылышына депутат болуу үчүн 14 талапкер ат салышып, баштапкы эсептер боюнча эркектерден Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, аялдардан Айгүл Карабекова алдыга чыккан. Аталган округда 160 миң 340 шайлоочу катталган, шайлоо күнү 94 добушкана ачылган.

Бактыбек Сыдыков бул боюнча 2-декабрда Фейсбуктагы постунда билдирүү таратып, муну "негизсиз каралоо, менин жеңишимди жокко чыгаруу максаты көздөгөн" аракет катары баалаган.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG