Интернеттин эң башкы артыкчылыгы – дүйнөнүн булуң-бурчунда отуруп алып, каалаган аймак менен дароо байланышуу мүмкүндүгү дал ушундай ири алаамат маалында баалангыс кызматка айланды.
Британиялык компьютердик технология боюнча кеңешчи Эшли Фриедлейн ушу тапта көпчүлүк кайрымдуулук корлору да акча-каражатты дал ушул Интернет аркылуу топтоп жатканын белгилейт. Лондондук адистин айтымында, Европалык жеке донорлор Түштүк-Чыгыш Азияда чоң кыйынчылыктарга кабылган калкка жардам көрсөтүүчү кайрымдуулук уюмдарынын эсебине Интернетти ачып туруп эле кредиттик картасынан тийиштүү акча которуп жатышат.
-
Интернеттин башкы баалуулугу, мисалы, Британияда элдин жарымы үйүндө отуруп алып интернетке чыга алышат, бул көрсөткүч да күн санап өсүүдө. 24 саат бою каалаган учурунда Интернетти ача коюп, табигый алаамат болгон аймактардан алынган акыркы кабарлар менен таанышып, почта, же телефонду пайдаланбай туруп эле дароо интернет аркылуу өз акчалай жардамын жөнөтсө болот.
Бул Интернет желеси эбак жайылган Британиялык адистин пикири. Ал эми Чехиялык "АДРА" аттуу кайрымдуулук кору океан ташкынынан жапа чеккендерге чөнтөк телефон аркылуу акча чогултууда. "АДРА" өткөн аптада зымсыз байланыш компаниясы менен келишим түзүп, бардык кардарларга кайрылуу катын жөнөткөндөн бери эле 500 миңдей адамдан жооп алып, 500 миң АКШ долларынан ашык акча топтой алыптыр. "АДРАнын" өкүлү Витеслав Вөрст буларды билдирди: "Биз баштаган кампания түшкө кирбеген эле бир ишке айланды. Ушу тапта ар бир секунд сайын жаңы каттар келип түшүп, саат сайын биз 100 миң крондой акча, же 4300дөй доллар чогултуп жатабыз", - дейт Прагалык кайрымдуулук корунун өкүлү.
Өткөн аптада Швециялык бир киши Таиландга апасы менен эс алганы кеткен 1 жарым жашар баласынын сүрөтүн Интернетте жарыялай коюп, эки күндөн кийин кичинекей чүрпөсүн таап алып сүйүнгөнүн айтпа!
Айтор, саат сайын өнүгүп бараткан маалымат технологиясы азырынча миңдеген адамдарды бактысыз кылган жаратылыш кырсыктарын токтото албаса да, алардын кесепеттерин жоюу ишине зор салым кошууда.