Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Өзбекстанда абанын булганышына каршы рейдде тандырлар бузулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда Анжиян облусунун Шахрихан районунда абанын булганышын азайтуу максатында жүргүзүлгөн рейддер маалында бир катар тандырлар бузулду.

Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы райондук акимчиликтин маалымат кызматына таянып жазды. Маалыматка караганда, текшерүүлөр облус акими Шухрат Абдурахмановдун тапшырмасы менен күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Атайын түзүлгөн жумушчу топ талаптарга жооп бербей, абанын булганышына шарт түзгөн коомдук тамактануучу жайларга катуу чараларды көрүп, алардын ишин убактылуу токтотуп жатат.

Рейд учурунда базар аймагындагы ашканалардын санитардык-гигиеналык нормаларды сактоосу, ошондой эле газ баллондордун коопсуз колдонулушу да текшерилүүдө.

Өзбекстанда абаны булгоонун булактарын аныктоого багытталган рейддер Ташкентте жана башка аймактарда бир жумадан бери өткөрүлүүдө.

Экологдор жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү күнөсканаларда атайын чыпкалардын бар-жогун, желим күйгүзгүзгөндөрдү, тамак жасалган жерде түтүн чыгаруучу системаларды аныктап, текшерип жатышат. Өзгөчө Ташкентте кернейи жок кафелер жоопко тартылууда.

Рейддерге президенттин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева да чыгып, Ташкент облусунун Кибрай районунда көмүр менен жылытуучу күнөсканаларды кыдырган. Ал "ишкер экологияны булгаганы үчүн жооп бериши керек, экологияга зыян келтирүүнү пайда менен актап болбойт" деп айтты.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG