"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Журналисттерди коргоо комитети Жазасыз калуу боюнча 2019-жылкы глобалдык индексин жарыялады. 29-октябрда жарыялаган баяндамада журналисттерди өлтүргөндөр Ооганстан, Пакистан, Орусия жана башка он мамлекетте жазаланбай калган учурлар өтө көп экени белгиленет.
Токиодо 22-октябрда Жапониянын императору Нарухитонун тактыга отурушунун урматына арналган чоң салтанат өттү. Жөрөлгөгө чет өлкөдөн келген 2 миңге жакын жогорку даражалуу коноктор катышты.
Жекшембиде Ливанда түмөндөгөн адамдар коррупцияга жана салыктардын жогорулашына каршы акцияга чыгып, өкмөттүн кетишин талап кылышты. Толкундоо 17-октябрда бийликтин «Whats App» жана башка социалдык тиркемелер аркылуу чалууга салык киргизишине каршы башталган.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Шинжаңдан келген эки кытайлык казактын окуясы боюнча сотко чейинки тергөө башталганын кабарлады. Мурагер Алимулы жана Кастер Мусакан аттуу кытайлык жарандар Шинжаңда көргөн запкыга чыдабай, чек арадан мыйзамсыз өтүп Казакстан тарапка чыга качышкан.
Польшадагы шайлоодо оңчул «Мыйзам жана калыстык» партиясы 45% көп добуш топтоп, алдыга чыкты. Бул партия 2015-жылдан бери бийликте. Оппозиция соңку төрт жылда «сот системасынын көз карандысыздыгына шек келтирип, бөтөнчө пикирдегилерди басууга аракет кылууда» деп бийликти сындап келатат.
Өзбекстан Ирактан 64 баланы мекенине алып келди. Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ирандын мунай ташыган танкерине ракета тийип, андагы кара май Кызыл деңизге төгүлдү.
Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын быйылкы жана былтыркы лауреаттарынын ысымдары 10-октябрда белгилүү болду. 2018-жылкы сыйлык польшалык жазуучу, акын Ольга Токарчукка ыйгарылса, 2019-жылкы сыйлыкты австриялык жазуучу, драматург Петер Хандке алды.
Физика боюнча Нобел сыйлыгы быйыл астрономиядагы илимий ачылыштары үчүн үч окумуштууга ыйгарылды.
Өзбекстанда үйлөнүү тоюн өткөрүү боюнча кабыл алынган жаңы эрежелер ырчылардын нааразылыгын жаратты. Себеби, жаңы чектөөлөргө ылайык, бир тойго экиден көп аткаруучуну чакырганга болбойт. Өнөрпоздор тойдо тапкан акча менен ондогон үй-бүлөлөрдү багып жатканын жүйө келтиришүүдө.
АКШда кыргызстандыктардын көбү оор жүк ташуучу унаа же трак айдашат. Алар бир штаттан экинчисине жүк ташып, узак жол басып, күндүр-түндүр дөңгөлөктүн үстүндө жүрүшөт. Бейрасмий маалымат боюнча АКШда 20 миңге жакын мекендешибиз бар.
Ооганстандын Гилменд провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн той өтүп жаткан үйгө урулган соккусунан 35 карапайым тургун мүрт кетип, 13ү жаракат алды. Окуя 22-сентябрь күнү кечинде, атайын кызматтын адамдары «талибдер жанкечтилерди даярдайт» деп шек туудурган үйгө чабуул койгон маалда болгон.
Иранда 29 жаштагы аял эркектер арасында өткөн футбол таймашына кирүүгө аракет кылганы үчүн айыпталгандан кийин өзүн-өзү өрттөп, көз жумду. Анын өлүмү социалдык тармактарда нааразылык толкунун жаратып, көпчүлүгү Иран бийлигин аялдарга стадиондорго киргенге салган тыюу сынга алышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү токтогонун билдирди. Түндүк Корея кайрадан эки ракетасын сынады. Кытайлык «Алибаба» компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма шейшембиде кызматтан кете турганын билдирди.
Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭ Иран уран байытуу үчүн акыркы үлгүдөгү центрифугаларды орното баштаганын ырастады. Бул тууралуу агенттиктин башкы жетекчисинин милдетин аткаруучу Корнел Феруцэ 9-сентябрда Венадан билдирди.
АКШдагы мекендештер жыл сайын 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүндө өтүүчү «Ынтымак» кубогунун 10 жылдыгын белгилешти. Он штаттан келген кыргызстандыктар футбол, волейбол сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүштү.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган 27-августта Москвада жолугушту. Эки лидер Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды жана эки өлкөнүн ортосундагы алаканы талкуулашты.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф 25-августта Франциянын түштүк-батышындагы Биарриц шаарына күтүүсүз барды. Ал жакта ушул күндөрү «Чоң жетиге» кирген мамлекеттердин лидерлеринин саммити өтүп жатат.
Тажикстан менен Өзбекстанда валюталардын баасы өзгөрүп, Казакстанда тамак-аш кымбаттады.
«Твиттер» жана «Фейсбук» социалдык түйүндөрү Гонконгдогу нааразылык акцияларын бир тараптуу айыптаган, сындаган жүздөгөн аккаунттарды жана баракчаларды жабышты. Бул тууралуу аталган компаниялар дүйшөмбү кечинде билдиришти.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани 17-августта үйлөнүү тойдо болгон чабуулду айыптап, «Ислам мамлекети» радикал тобунун баардык уюктарын жок кылууга убада берди. Ганинин бул билдирүүсү 19-августта өлкөсүнүн Британиядан өз алдынчалык алышынын 100 жылдыгына арналган салтанатта айтылды.
Дагы жүктөңүз