"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Украинанын чыгышында "Малайзия аба жолдорунун" MH17 каттамындагы учагынын атып түшүрүлгөнүнө бүгүн туура беш жыл толду. Анда борттогу 298 кишинин бири да тирүү калган эмес.
АКШ президенти Конгресстеги демократ аялдар тууралуу билдирүүсүнөн кийин кескин сынга кабылды.
Саудиянын аймактагы агрессиялык аракеттери, Эр-Рияддын адам укуктарын сыйлабаганы үчүн бир катар ислам диниятчылары жана илимпоздор мусулмандарды ажылыкка барбоого чакырып жатышат. Кыргызстанда болсо ажыга барууну эңсегендердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө.
эки тарап Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашты.
Коррупциялык иштерди иликтөө - тиешелүү мамлекеттик мекемелердин түздөн-түз милдети.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путинди бетме-бет сүйлөшүүгө чакырды.
Кремль суу алдындагы кемеде тутанган өрт боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. 1-июлда болгон кырсыкта 14 моряк, анын ичинде жогорку даражалуу офицерлер, Орусия Баатырлары да каза табышкан.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы же ФСБ Татарстандын мечиттерине видеокамераларды орнотууну көздөп жатат. Казандагы мечиттердин жетекчилери муну Шинжаңдагы мусулмандар кабылган кырдаалга салыштырышты.
Орусияда убактылуу жана туруктуу жашаганга уруксат берген документтер менен эмгектенген мигранттардын өкмөткө кошумча акча төлөөсүн караган сунуш киргизилди. Кабулдун борборунда согушкерлердин чабуулунан бир киши өлүп, ондогон адам жаракат алды.
Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттиги уран байытууну тездете турганын 26-июнда билдирди. Ушул тапта АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу курчуп турат.
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов бардык сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратылды. Өткөн жумада ал кызматынан алынып, кылмыш иши козголгону маалым болгон.
10 миң сомго бизнес баштаса болобу? Жаңы технологиялардын өнүгүшү, автоматташтыруу мигранттарга кандай таасир этиши мүмкүн? Үйдөн чыкпай, кантип дүйнөлүк компанияларга иштесе болот? Ушул жана башка суроолорго ишкер, «Ололохаус» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев жооп берди.
Түркиянын Стамбул шаарынын мэрин шайлоодо оппозициянын талапкери Экрем Имамоглу жеңишке жетти. Байкоочулардын баамында, добуштардын 54 пайызга жакынын алган Имамоглу бул жеңиши менен президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясына чоң сокку урду.
Арыс шаарында курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, ондогон адамдар ооруканага түштү.
Түркиянын ири шаарынын мэрин шайлоодо оппозициянын талапкери Экрем Имамоглу жеңишке жетти.
Тбилисидеги кагылышууда ондогон киши жаракат алды. Нааразылыктын тутанышына орусиялык депутаттын грузин парламент спикеринин ордуна отуруп алганы түрткү болду. Укук коргоочу Оюб Титиев эркиндикке чыкты.
Соңку бир ай ичинде Пакистанда кыз-келиндерди Кытайга сатууга шектелген ондогон адам полициянын тузагына түштү.
Москвадагы “Электрозаводская” метро станциясынын жанында болгон мушташтан үч борбор азиялык жабыркап, бирөө каза тапканын орус маалымат каражаттары кабарлады. АКШнын президенти Дональд Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоого катыша турганын расмий жарыялады.
АКШ Ирандын аймактагы кастык аракеттерине жооп чара катары Жакынкы Чыгышка бир миң аскер жөнөткөнү турат. Египеттин экс-президенти, "Мусулман агайындар" кыймылынын мурдагы башчысы Мухаммад Мурсинин сөөгү жерге берилди. УЕФАнын мурдагы төрагасы Мишел Платини коррупция ишине байланыштуу кармалды.
Соңку эки апта ичинде Пакистанда кыз-келиндерди Кытайга сатууга шек саналган ондогон адамдар полициянын тузагына түштү.
Дагы жүктөңүз