"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Иран Ирактагы АКШ аскерлери жайгашкан эки базага баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Бул маалыматты Пентагон ырастады.
Казакстандык талдоочу Галым Агелеуов бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам кабыл алынса, аны бийлик курал катары колдонот деп эсептейт.
Кытайда адамдын эмбриондорун тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган үч окумуштуу жазага тартылды.
27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учак кырсыгынан кеминде 12 адам каза тапты.
Ооганстандын шайлоо комиссиясынын чечими менен Ашраф Гани экинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болду.
Словакияда иликтөөчү журналист Ян Куцияктын өлүмүнө айыпталып жаткан төрт адамдын соту башталды. Алардын арасында миллионер Мариан Кочнер да бар.
Пакистандын соту мурдагы президент Первез Мушаррафты мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, өлүм жазасына өкүм кылды. Сот өлкөнүн мурдагы аскер жетекчиси 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу менен мыйзам бузган деп тапты.
Кытайдын борбордук телеканалы (CCTV) "Арсенал" жана "Манчестер Сити" футбол клубдарынын беттешин футболчу Месут Өзилдин сөзүнөн улам көрсөтпөй койду. "Арсеналдын" оюнчусу Өзил кытай бийлиги Шинжаң уйгур автоном районундагы уйгурларга басым жасап жатканын "Твиттерге" жазып, Бээжинди айыптаган.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Дубай шаарында журтташтар менен жолугушканда Чолпон Абдырахманова «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкү боюнча суроо берген.
Быйыл дүйнөдө кеминде 250 журналист камалган. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитети 11-декабрда жарыялаган баяндамада белгиленет. 48 журналист камалган Кытай биринчи орунда болсо, Түркия экинчи орунда.
Кытайда уйгурлардын көрүнүктүү өкүлү Нур Бекри өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды.
Коменданттык сааттын алдында 27-ноябрда Ирандын Нажаф шаарындагы консулдугуна чабуул коюлган. Иракта бийликке каршы толкундоонун башталганына эки айга чукулдады.
Британиядагы жүк ташыган машинеде табылган 39 вьетнамдыктын сөөгү мекенине кайтарыла баштады. 16 маркумдун сөөгү Вьетнамга шаршембиде жеткирилгенин бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Талибдер барымтага алган америкалык жана австралиялык эки профессор куралдуу кыймылдын камакта отурган жогорку даражалуу үч өкүлүнө 19-ноябрда айырбашталды. Туткундарды алмашуу шейшембиде Ооганстандын Забул провинциясында болду.
Грузия полициясы парламент имаратынын кире беришин тосуп алган демонстранттарды күч менен таркатты. Тартип коргоочулар нааразылык акциясына чыккандарга суу чачып, 18 адамды кармап кетти. Бирок жүздөгөн митингчилер кайра эле аянтка топтолду.
Гонконгдогу соңку кагылышууларга байланыштуу жогорку окуу жайлар жабылды. 13-ноябрга караган түнү демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышуулар университеттик шаарчада уланган.
Грузин парламентинин депутаттары 14-ноябрда өткөн жыйында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коалициялык көпчүлүк сунуш кылган мыйзам долбоорун четке кагышты. Ага ылайык, 2020-жылдан тарта өлкөнү пропорционалдык шайлоо системасына өткөрүү каралган.
Бул күндөрү Берлин дубалынын кулатылышынын 30 жылдыгы белгиленип жатат. 1989-жылдын 9-ноябрында “Кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы бузулган.
Мындан туура 30 жыл мурда “Кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы кулаган.
Иранда АКШ элчилигине чабуул коюлган күндүн 40 жылдыгы белгиленди. Тегерандагы элчиликти студенттер 1979-жылдын 4-ноябрында басып алып, 52 америкалык 444 күн барымтада турушкан.
Дагы жүктөңүз