"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Жапонияда коронавирустан улам карантинге алынган саякат кемеде бир кыргызстандык бар экени ырасталды. Казак полициясы Кордойдогу тополоңго түрткү бергени жоромолдонгон мушташка байланыштуу дунган тектүү үч бир тууганды кармады. Киевде Иранда атып түшүрүлгөн учакта шейит кеткендерге арналган эстелик
Кытайда коронавирустан көз жумгандардын саны 1700 кишиге жакындады.
Кытайда коронавирустун жайылышы апрелге барып токтошу мүмкүн. Мындай божомолу менен расмий Бээжиндин өкүлү бөлүштү. Анткен менен эл аралык эксперттер оптимисттик пикир билдирүүдөн карманып, миңден ашуун адамдын өмүрүн алган вирустун жайылышынан коркуп турушат.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон туулуп өскөн Дангара кыштагы Хатлон облусунун борборуна айланышы мүмкүн. Бул сөздөрдү өкмөттүн расмий өкүлдөрү ырасташты.
Быйыл түштүк кореялык режиссер Пон Чжун Хонун «Мителер» тасмасы "Оскар" сыйлыгынын «Жылдын мыкты фильми» байгесин жеңди. Жогорку Кеңештин депутаты, жыл сайын Лос-Анжелесте өтчү Эл аралык Азия кинофестивалынын түптөөчүсү Садык Шер-Нияз бул сыйлык Азия фильмдеринин аброюн көтөрдү деп эсептейт.
Кордайдан качып Кыргызстанга келгендер артка кайтып жатышат. Азербайжанда өткөн шайлоодо президент Илхам Алиевдин партиясы жеңди. «Оскар» сыйлыгынын «Жылдын эң мыкты тасмасы» номинациясын Түштүк Кореянын «Мителер» фильми алды.
Бегимай Сатаева Нидерланддарда жашайт. «Азаттык» менен болгон маегинде ал өзүнүн оорусу - өпкө гипертензиясы тууралуу айтып берди. Бегимай ошондой эле бул оору менен Кыргызстанда жабыркагандарга жардам берүүнү көздөйт.
АКШ визалык чектөө киргизген алты мамлекеттин тизмесине Кыргызстан да кошулду. Мындай жагдайга эмне себеп жана ким күнөөлүү? Коомчулук кыргыз бийлигинен кандай аракеттерди күтөт? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүн көрүңүз.
Орусиянын Ички иштер министрлиги жугуштуу илдетке кабылган мигранттарды өлкөдөн депортациялоого жол ача турган мыйзам долбоорун даярдап жатат.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (27-январь - 2-февраль, 2020-жыл).
Кытайдын Ухань шаарында ар кандай маалымат боюнча 15-18дей кыргызстандык жаран жашайт. Алардын бири Бектурсун Касымалы уулу шаарда абал оор, эл дүрбөлөңгө тушүп жатат деген сөздөрдү жокко чыгарды. "Азаттык" Уханда окуган студент менен байланышып, азыркы кырдаалды сурады.
Иранда бахаи динин тутунгандар мамлекеттик күбөлүк же тек-жайын ырастаган ID карта ала албай калышы мүмкүн. Болбосо алар өз дининен баш тартышы керек. Буга Тегеран киргизген жаңы чектөөлөр түрткү болууда.
Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу. Эл аралык «Transparency International» уюму Кыргызстандагы бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болуп жатканын белгилейт.
АКШдагы бир нече маалымат каражаттары президент Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстан менен Беларустун да жарандарынын Кошмо Штаттарга киришин чектеши мүмкүн экенин жазып чыгышты. Бул маалымат эки өлкөнүн саясат таануучуларын таң калтырбай койгон жок.
15-январда Орусияда Дмитрий Медведев башында турган өкмөт кызматтан кетти. Премьер-министрликке орус президенти Владимир Путин Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады. Эми аны Мамлекеттик Дума жактырышы керек.
Иранда студенттер эки күн катары менен бир нече университтин алдында нааразылык акцияларын өткөрүштү.
Австралияда өлкө тарыхындагы эң күчтүү өрт өчпөй жатат. Континенттин бир катар аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Соңку айларда Австралияда күчөгөн өрттө 27 адам, миллиарддаган жаныбар өлдү. Кырдаал тууралуу ал жакта 15 жылдан бери жашаган журтташыбыз Наргиза Хакимова айтып берди.
Иран Тегеранда кулаган украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан аскерлери атып алганын жарыялады.
Орусия менен Түркиянын президенттери Ливиядагы чатакташкан тараптарды 12-январдан тартып атышууну токтотууга чакырышты.
Укук коргоочу Стив Свердлоу Жогорку Кеңештин депутаты коомдук талкууга сунуш кылган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу пикирин айтты.
Дагы жүктөңүз