"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарын шаарында "Энелер лигасы" уюштурган 40 жаштан өткөн аялдардын арасында волейбол оюну өттү. Ага Нарын облусунандагы командалардан сырткары Ысык-Көл жана Талас облустарынын үй кожойкелеринен куралган жалпы 12 команда катышты.
Кочкор районунун Туз айылындагы мектепте окуган окуучулардын ата-энелери 2-апрелде балдарын мектепке жиберген жок. Буга өткөн жумада мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мектептин имаратында окуу мүмкүн эмес деген бүтүм чыгарганы себеп болду.
Кемероводогу өрт Кыргызстандын коомдук жайларындагы коопсуздук маселесин эске салды.
Кыргызстандын аймактарында ичүүчү жана сугат суунун азыркы абалы кандай?
Нарын районундагы Кара-Жылга айылынын фельдшери Салтанат Шейшеева күнүнө кеминде 20 чакырымдай жолду бирде жөө, бирде атчан басып өтүп, айылдыктардын саламаттыгына көз салууда.
Нарын шаарынан жоголгон Азим аттуу бала жети жылдан кийин Жалал-Абад облусунан табылды.
Нооруздун урматына президент элди куттуктап, биримдикте жашоого чакырды.
Нарын районунун Жер-Көчкү айылы деңиз деңгээлинен 3000 мертден ашык биийиктикте жайгашкан. Тоо боорундагы айыл район борборунан 150 чакырым алыс. Айылда таза суу, жол, мектеп маселеси башкы көйгөй. Тургундар бир гана мал чарбачылыгы менен жан сакташат.
Дилбара Дүйшеева Нарын шаарында өтүкчү болуп иштеп жатканына беш жыл болду.
Нарын шаарынын тургуну Улан Мусаев Улуу Ата мекендик согушка барып, дайыны чыкпай калган чоң атасынын изин Калининград облусунун аймагынан тапкан. Эми ал кеч болсо да чоң атасынын сөөгү коюлган жерге барып келүүнү кыялданып жаткан учуру.
Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургуну, жети балалуу Баатыр эне Асел Абдылдаева 37 жашта.
Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну Азатбек Исаков айылына бут кийим чыгаруучу кичи цех ачып, онго жакын айылдашын жумуш менен камсыз кылды. Алар цехте жасалган продукциясын жакында сатыкка чыгарган турат.
8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүн утурлай “Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары эл арасында “Кыргыз коомунда аялдардын орду кандай жана алар өзүн кайсы убакта бактылуу сезет?” деген чакан сурамжылоо жүргүздү. Тургундардын суроого берген жообу ар кандай.
Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургуну, ишкер Кулмат Сыдыгалиев бир кезде шаардагы ишин таштап, ата конушуна барып мал чарбачылыгы менен алектенүүнү чечкен. Учурда ал баштаган ишинин өтөсүнө чыгып, төрт түлүктөн баар тапкан ишкерлердин бири.
Нарын районунун Орук-Там айылындагы жол калың жааган кардын айынан жабылып калды. Бул айыл тургундарын түйшүккө салды. Алар 300 чакырым айланма жол менен райондун борборуна сегиз саатта араң жетишет. Мындан улам төрөтканага жетпей жолдо көз жарган келиндер да бар.
Ат-Башы районунда жүздөй окуучу токсикоманияга каршы жөө жүрүш уюштурду. Бул иш чараны уюштурууга акыркы убакта өспүрүмдөрдүн арасында желим жыттоо нашаа чегүү, психотроптук заттардын жаңы түрлөрүн колдонуу күч алып жаткандыгы себеп болгон.
Нарын районунун Кара-Чий айылы Советтер Союзу тарагандан бери таза сууга да, мончого да жетпей келет. Айыл четинен аккан арыктагы агын сууну айылдын эли да малы да ичет. Таза суунун жоктугунан айылдыктар сарык жана ичеги ооруларын жуктурган учурлар болгон.
Соцпедагогдор жетишсиз экенине карабай, Жолдош төрт жылдан бери иш таппай жүрөт.
Нарын районунун Таш-Башат айылындагы мектептин окуучулары кол телефонго кыска метраждуу тасма тартып, аны айылдын тургундарына эки күн көрсөтүштү. Тасма үч достун бир түштү чогуу көрүшү менен өнүгүп, бекем достукту, ынтымакты чагылдырат. Тасманы тарткан окуучулар бир билетти жыйырма сомдон сатып, тү
Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну Гүлнара Турдалиева эл аралык уюмдар менен иштешүүнүн көзүн таап, айылына он миллион сомдон ашык инвестиция тартып келген.
Дагы жүктөңүз