Жалал-Абад шаарындагы базарларда, соода борборлору өңдүү эл көп баруучу жайларда өрт коопсуздугунун эрежелери толук сакталбайт. Адистер былтыр аларды текшерип, бир тобуна эскертүү берип, аны аткарбагандарына айыппул салган. Анда иштеген жумушчулар соңку жылдары өрт коопсуздугуна байланыштуу атайын машыгуулар деле унутта калып кеткенин айтышат.
Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттөн улам Ош шаарындагы бир катар соода жайларындагы өрт коопсуздугу текшериле баштады. Ошто эл көп жыйналган базарларда жана соода жайларында адам өмүрүнө коркунуч келтирген өрт кырсыктарынын алдын алуучу талаптар канчалык деңгээлде аткарылган?
Таласта былтыр килем саткан «Манас» дүр-дүйнө дүкөнү күйүп кетип, анын тегерегиндеги төрт павильон кошо өрттөнүп, соодагерлер жалпысынан 11 миллион сомдон ашык материалдык чыгым тарткан. Облуста азыр оорукана, мектеп, бала бакчада кырсыктардын алдын алуу жагы Таласта каралганбы?
Нарын облусундагы 141 мектептин жыйырмадан ашыгы авариялык абалда. Алардын айрымдары боюнча Өзгөчө кылдаалдар министрлиги "кулап калуу коркунучу бар, кирүүгө болбойт" деген бүтүм чыгарып берген. Бирок "мектепке ылайык башка имарат жок" деген жүйөдөн улам аларда сабак өтүлүп жатат.
Жергиликтүү активисттер Кемерово шаарына караганда Каракол шаарында өрт коопсуздугунун маселеси курч деп эсептешет. Бир жыл мурда шаардагы чоң базарлардын бири толугу менен күйүп кетип, жүздөгөн адамдар чыгымга учураган. Азыр абал кандай?
Кемероводогу апааттан улам Бишкекте жарандык активисттер соода борборлорунун ээлеринен коопсуздук иштери боюнча элге маалымат берүүнү талап кыла баштады. “Азаттык” соода жайларында, оюн-зоок борборлорунда текшерүүлөр кандай жүрөөрүн билиш үчүн өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт көзөмөлу боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Жумгал Асановго кайрылды.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
-
Медербек Ниязалиев
"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Альбина Сулайманова
"Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Асеин Маданбеков
"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Сабыр Абдумомунов
"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.