"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн деген ураан менен Дайыр Асанов багынан Уркуя Салиеванын эстелигине бараткан жөө жүрүш катышуучуларын Абдрахманов/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен милиция тосуп чыкты.
Бишкекте Берлинале фестивалында дүйнөлүк бет ачары өткөн режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы жабык көрсөтүлдү. Ага жергиликтүү кино күйөрмандары жана Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Тасмадан кийин режиссердун катышуусунда талкуу өтүп, анда көрүүчүлөр “Кентавр” тасмасы у
Кыргызстанда электрондук каттоого алынып жаткан карагай арчалар, бут кийимдери эл аралык базарга чыгып жаткан дизайнер Гүлзар Чыналиеванын тилеги, Ысык-Көлдө машыккан чет элдик спортчулар жана башка видео баяндар бул жолку “Данисте” телеберүүсүнүн назарына түштү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө салым кошкон мамлекеттик кызматкерлерге, жергиликтүү өнөктөштөргө жана медиа өнөктөштөргө президенттин жана өкмөттүн атынан сыйлыктар жана ыраазылык каттар тапшырылды.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын орун басары Дүйшөнкул Чотонов 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында болушат. Бүгүн эки саясатчынын баш коргоо чарасын караган Бишкек шаар соту Биринчи май райондук сотунун аларды эки айга камоо тууралуу 27-февралда чыгарган чечимин күчүнд
Кыргыз өкмөтү 2015-2017-жылдарга калкты социалдык жактан коргоону өнүктүрүү үчүн атайын программа кабыл алган. Аны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 249 миллионго жакын сом каралган. Ошого карабастан мамлекеттик колдоого муктаж үй-бүлөлөр өлкөдө аз эмес. Ушундай бүлөлөрдүн бири Перизат Дүйшее
“Данисте” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында 16-январдагы кырсыктан жакындарынан, үй-жайынан ажыраган ДачаСУ конушунун тургундары али кенемте ала электиги тууралуу баянды сунуштайбыз. Ошондой эле эч бир жерде каттоосу жок көп балалуу үй-бүлөнүн оор турмушун, 94 жаштагы аксакалдын китепканасын,
Дача СУ айылындагы учак кырсыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине чогулган каражат 95 миллион сомго чукулдады.
“Данисте” берүүсүнүн назарына түшкөн темалар: кароосуз калгандарды асыраган түнөк үй, Москвадагы чыгармачыл кыргыздардын маданий борбору, Улуттук илимдер академиясындагы кылымдык кол жазмалар интернеттеги ачык сайтка көчүрүлдү, кыргызстандык програмисттердин оюну дүйнөлүк рейтингге чыкты.
26-февралдын таңында "Манас" аэропортунда кармалган Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери УКМКнын алдына чыгышты. Салянова бийлик Текебаевден корккону үчүн ушундай кадамга барып, ага карата куугунтукту баштады деген пикирин билдирди.
"Тунгуч" театры Султан Раевдин "Илегилек" камералык спектаклин сахнага чыгарды. Драмада бүгүнкү күндөгү улуу муун менен жаш муундун ортосундагы келишпестик, сүйүү, ата-энеге болгон мамиле тууралуу сөз болгон. Театр адистеринин жана чыгармачыл чөйрөнүн сынына коюлган чыгарма көрүүчүлөр тарабынан жакш
"Азаттык" үналгысынын “Данисте” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышында адам өмүрүн алган калың кар түйшүгү, Кеминде ачылган чакан ГЭС,өнөрлүү балдар окуган Баткендеги шарты жок мектеп жана башка окуялар тууралуу баяндарды сунуштайбыз.
Тегирменти-2 чакан ГЭСине жалпы жонунан 215 млн сом жумшалды. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 144 млн сомду 12% үстөк менен беш жылга берсе, инвестор өзү 71 млн сом долбоорго кошту.
Бул жолу “Данисте” телеберүүсүндө аэропорттордун коопсуздугу, абактагы аялдардын тагдырын, Берлинале сынагында көрсөтүлгөн кыргыз тасмасын жана башка видеобаяндарды сунуштайбыз.
“Данисте” телеберүүсүндө нарындыктардын электр баасына нараазылыгын, ойлоп табуучу окуучулар, кыргыз музыкасындагы аккардеондун орду, Сузакта өз күчү менен мектепке музей ачкан ардагер агай жана башка баяндарды сунуштайбыз.
“Данисте” телеберүүсүндө Чехияда ийгилик жараткан кыргызстандык Нурбек Жаанбаев, жер көчкү тооруган айылдар, Оштогу бузулган жаңы автобустар, ат терапиясы, Нарындагы хоккейчилердин бийик дымагы, Баткендеги мотоциклчен ветеринарлар тууралуу айтып беребиз.
Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамдын расмий редакциясын жарыялоо тууралуу жарлыкка кол коюу аземинде сүйлөгөндө "Биз эч качан эч кимдин алдында тизелебейбиз. Кыргыздарга тизелеп жашагыча тик туруп өлгөн артык. Муну бут уюмдар, башка өлкөлөр билип алсын" деп айтты.
Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамдын расмий редакциясын жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койду. Анын негизинде өлкөнүн өзгөртүлгөн Конституциясынын тексти жарыяланат. Кол коюу расмисинде Атамбаев Баш мыйзамдын жаңы текстинде 60тан ашык каталар, дал келбөөчүлүктөр оңдолгонун билдирди. Президент Ба
16-январда “Манас” аэропортуна чукул жердеги Дача – СУ конушунда кыйраган учакта эмне жүк болгон? “Азаттыктын” кабарчылары каргашалуу окуя болгон жерге барып, ошол жердеги тургундардын көргөн-билгенин сурап келишти.
Ал саясий олку-солкулукка жол бербөө максатын көздөйт. Терроризм, экстремизм жана бейпилдикке доо кетирүүчү башка күчтөргө байкоо салып, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга жардам беришмекчи.
Дагы жүктөңүз