"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
“Данисте” берүүсүнүн жаңы жылдагы алгачкы чыгарылышында узаган 2016-жылдагы “Азаттык” алып чыккан каармандардын азыркы жашоосуна токтолобуз. Базарда иштеген Айчүрөк, тубаса майып Нуржигит менен Нургазынын кыялдары жана башка каармандарыбыз тууралуу баяндарды сунуштайбыз.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө зомбулуктан өз жанын кыйган келиндер, шаар карамагынан чыккысы келген айылдыктар, эркин ишти издеген жаштар, сейректеп кеткен ичик тиккен уздар жана жалгыздап өзгөчө акцияларды уюштурган Өндүрүш Токтонасыровдун жашоосу тууралуу видео баяндарды сунуштайбыз.
Маршруттук таксидеги аварияда колун алдырган Токтокан Райымбекованын жагдайы жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалардын укуктук жоопкерчилигине байланышкан маселени көтөрдү. Маршрутканы ижарага берген фирма ээлери кырсык болгон учурда күнөөнү айдоочуга түртө салып келишет. Анткени борбордогу 4 миңге жакын м
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: аутисттер кесипке ээ болуп, өз эмгеги менен каражат таба баштаганы, Бешикташтын тобун тепкен кыргыз бала Афтандил, жети сутка айтылган жана эстрадага салынган “Манас” жана башка видео баяндарды сунуштайбыз.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: Баткенде медициналык кызмат ала албаган кайрылмандар, мөңгү изилдөөчүлөр, айылдаштары жакшы көргөн сузактык немис апа, кыргызстандык уйгурлардын жашоосу жана Стокгольмдо шведдерди иштеткен кыргыз жигиттери тууралуу баяндарды сунуш кылабыз.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров парламент спикери Чыныбай Турсунбековду зекип, "өз ордун билип жүрүүгө" чакырды.
Бүгүн эл өкүлдөрү Белиз өлкөсүнөн келген документтер боюнча УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди жалпы жыйынга чакырып, суроолорду узатышты.
14-ноябрда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдына чыгып, парламентти президент Атамбаевге импичмент жарыялоого, жарандарды референдумда Конституцияны өзгөртүүгө "жок" деп добуш берүүгө чакырды.
Бүгүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигинин ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге өкмөт башчы баштаган бийлик өкүлдөрү жана Усубалиевдин жакындары катышты.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: баатыр энеге бай Кара-Бак айылы, ээнсиреген Алай-Куу өрөөнү, винил табактар аркылуу поп-музыкалык агартуу, элет балдарынын түйшүктүү бирок көңүлдүү эс алуулары тууралуу баяндар сунуш кылабыз.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: Сузакта 10 миң сом үчүн өз жанын кыйган окуучу тууралуу теңтуштары кандай ойдо? Эмне үчүн ал жаштайынан кара жумушка тартылган? Баткен облустук ооруканасында дарыгерлер жетишсиз, медициналык кызматтар чектелүү.
Президент Алмазбек Атамбаев азыркы парламентке келген партиялар шайлоочуларды одоно түрдө алдап, добуш алганын билдирди.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында бүгүн 61 студент мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин колунан стипендия алды. Быйыл майда президенттик стипендия үчүн студенттер арасында сынак жарыяланган. Ага 27 жогорку окуу жайынан 159 сунуш түшүп, эксперттик топ анын ичинен 61 студентти жеңүүчү деп тапкан.
Быйыл августта дүйнөлүк саякатка аттанган кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев жана анын литвалык кесиптеши Йонас Жукнус 27-октябрда Бишкекке келишти. Аларды аэропорттон мекендештери жана журналисттер тосуп алышты.
Бул жолку “Данисте” телеберүүсүндө: балдарын аёосуз мушташтырган аталардын туугандары, айылдаштары бийликтен ырайым кылууну суранууда, Токмокто үйү күйүп, жалгыз баласынан айрылган ардагер апага үй салып берген канадалык үй бүлө, АКШнын Сиэтл шаарын багындырган журтташыбыз Нурбек Исмаилов, Кыргыз
22-октябрда №66 орто мектебинде "Жашыл Бишкек: мектеп айланасын жашылдандыруу - 2016" эко-акциясы өттү. Акция учурунда адистер бактарды туура отургузуу жана аларга туура кам көрүү боюнча кеңештери менен бөлүштү.
Кара-Кулжада 14 жаштагы кызды зордуктагандар кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетишти.
“Данистенин” назарына түшкөн баяндар: Орусияга акча табам деп барып, кайгы тапкан кыз-келиндер, наристени өлүмдөн сактап калган он жаштагы эр жүрөк Баяман, Жалал- Абаддагы майып ырчынын жеке концерти, Москвадагы кыргыздар көңүл ачкан жайлардагы көйгөйлөр, Аравандагы кыргыз-өзбек чек арасына чеп бол
Жеке ишкер Чүйдө 100 миллион сом каражат коротуп салган “ЮниЛаб” логистикалык борбору ар кандай тоскоолдуктардан улам ишке кирбей турат.
“Данистенин” назарына түшкөн баяндар: расмий Өзбекстандын кыргыз делегациясына сый-урматы, авто кырсык айынан колунан айрылган аялдын тагдыры, айтылуу хирург Мамбет Мамакеев 89-күздү иш үстүндө тосту, Италияда ресторан иштеткен мекендешибиз Натальянын сагынычы, Москванын коюнундагы конуштарга отурук
Дагы жүктөңүз