Президент жашап жаткан “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы 120 гектар жерди ээлейт. Бирок анда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев эле жалгыз жашабайт.
Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Апсамат Масалиев, Чыңгыз Айматов сыяктуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин үй-бүлөлөрү да ушул жерде. Экс-президент Роза Отунбаева, УКМКнын мурдагы төрагасы Анарбек Бакаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдары да “Ала-Арчанын” салкын абасынан дем алышат.
Президентке, анын иш башкармалыгына жана аппаратына бир жылда мамлекеттик бюджеттен 550 млн. сомдой каражат кетет. Президенттик аппаратта жана иш башкармалыкта жалпысынан 1300гө жакын кызматкер эмгектенет. Бул каражаттар ашыкча дегендер да жок эмес.
Мамлекет башчысы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында 2013-жылы алган айлык-маянасы 960 миң сом болгонун көрсөткөн. Андан тышкары, мамлекет башчы башка адамдардын башкаруусуна өткөрүлүп берилген 64 гектар бакчага жана “Форум” ишканасына ээлик кылат. Ошол эле декларацияда 2007-жылкы “Тойота Лэнд-Крузер” автоунаасы бар экени көрсөтүлгөн.
-
Уланбек Эгизбаев
Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.
2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
-
Улан Асаналиев
"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
-
Жанарбек Жолдошбаев
"Азаттыктын" ТВ продюсери. "Бир дүйнө" даректүү тасмалар фестивалынынын жеңүүчүсү (2013). Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган (2006).