Айыл чарбадагы жаңы технологиялар Кыргызстанда колдонулуп атабы? Алардын артыкчылыгы жана пайдасы кандай? Кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов ушул маселени иликтеп көрдү.
Баткен облусунун дыйкандары негизинен жер-жемиштен киреше алат. Бирок быйылкы жаздагы үшүк аларды кыйла убайымга салды. Баткендик дыйкандардын үнүн аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров тыңдаган.
Ысык-Көлдөгү дыйкандар тонналаган картошкасын Бажы биримдигине киргенден кийин сатабыз деп кармап турушат. Алардын үмүт-тилеги Самат Асиповдун макаласында.
Түштүктө жер семирткичти буга чейин Өзбекстандан алып турушкан. Бирок жылдан жылга ал жактан алуу кыйындап баратат. Оштогу кабарчыбыз Ыдырыс Исаков ушул маселе тууралуу кеп салат.
Быйыл мамлекет тарабынан берилчү вакциналар кеч калып, Нарында мал эмделбей калды. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров айтып бермекчи.
-
Зайырбек Ажыматов
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.
-
Жеңиш Айдаров
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
-
Ыдырыс Исаков
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.