Көргөзмөгө 200дөн ашык куурчак коюлган. Арасында жеке коллекционерлерге тиешелүү да куурчактарды көрүүгө болот.
Куурчактардын тарыхын баяндаган көргөзмө
Бишкектеги Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында колго жасалган куурчактардын көргөзмөсү өтүп жатат.
1
Куурчак көргөзмөсү үч жылдан бери өтүп жатат.
2
"Куурчактарды эки топко бөлсө болот, - дейт көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Наталья Волощина. - Биринчи топтогу куурчактар балдарга арналган. Экинчи топко будуар стилинде, сувенир же бөлмөнүн кооздугу үчүн жасалган куурчактар кирет. Биздин көргөзмөдө бул куурчактардын баары бар".
3
Коллекционер Татьяна Мордачованын куурчактары.
4
Татьяна Мордачова Советтер Союзу учурунда чыккан оюнчуктардын 90дон ашык түрүн чогулткан. Анын арасында 1940-жылы чыккан куурчак да бар.
5
Колго жасалган куурчак - Шамахан Канышасы.
6
"Номер тогуз". Автору Светлана Григорьева.
7
Көргөзмөгө ата-энелер кыздарын менен келишүүдө.
8
9
Атактуу Барби куурчагы. Бул куурчак алгач Лили деп аталып, эркектер үчүн гана жасалган. 1959-жылы америкалык Рут Хандлер жана дизайнер Жек Райан аны өзгөртүп, чачы сары, кооз кийимчен куурчакка айландырышкан. Барби куурчагынын кийимин атактуу Кристиан Диор, Ив Сен-Лоран өңдүү дизайнерлер тигишкен.
10
Темир куурчак.
11
12
Апалар ойногон жыгач куурчактар.
13
14
Көргөзмөгө пластикадан, кездеме, жыгач, кагаз, кийизден жасалган оюнчуктар, куурчактар коюлган.
15
Куурчак көргөзмөсү 5-августка чейин уланат.
16
Айрым куурчактар бөбөктөргө да окшошуп кетет.