Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:53

Нижняя Серафимовкада карылар үйүндөгү шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды


Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-ноябрда №25 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо бир тилкенин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сунуш түшкөнүн билдирди.

Сөз Нижняя-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндөгү №7133 тилкеси боюнча болууда.

Буга чейин социалдык тармактарда бул жайдагы добуш берүү тартылган тасма тараган. Анда видеого тарткан киши добуш берип жаткан жарандарга кайсы бир талапкерге үгүттөө болуп жатканын айткан.

Тасманын негизинде округдук шайлоо комиссиясы тилкеде шайлоо купуялуулугу бузулган деген негиз менен жыйынтыкты жокко чыгарууну бир добуштан колдоп, материалдарды Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөткөн.

Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча укук коргоо органдарына жана Борбордук шайлоо комиссиясына 256 маалымат түшкөнүн Ички иштер министрлиги 30-ноябрда билдирген.

Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов үгүт иштеринде мыйзам бузуулар боюнча талапкерлерге жана алардын жакындарына, үгүтчүлөрүнө 700 миң сомдук айып салынганын кабарлаган.

Шайлоо тилкелери 30-ноябрда саат 8:00дө ачылды жана добуш берүү 20:00гө чейин уланат.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG