Кочкордогу мектеби жок окуучулар
Кочкор районунун Туз айылындагы окуучулар ушу тапта ФАПтын эски имаратында, айылдын клубунда жана спорт залда окуп жатышат. Анткени айылдагы мектептин имараты өткөн жылы жабылган. Буга ата-энелердин "имараттан чыккан уулу зат балдарыбыздын саламаттыгына зыян" деген дооматы себеп болгон. Ал эми өкмөт жаңы мектептин курулушу жай алды менен башталып, 2020-жылы пайдаланууга берилерин айтып жатат. Мектеп курулганга чейин окуучулар тар, эски жана суук имараттарда дагы эки жыл билим алууга аргасыз.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 30, 2025Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келишин каалайт?
-
Ноябрь 30, 2025Элге кандай депутат керек?
-
Ноябрь 13, 2025"Тонналаган товар Орусияга кирбей турат". Чек арадагы чектөө
-
Ноябрь 07, 2025Ош. Көмүр кымбат жана тартыш.
-
Ноябрь 05, 2025Кар жаады, жол тайгак, "чексиз тариф"
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?