Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Футбол-2018: Орусия Хорватияга утулду


Чейрек финалдын алкагында Орусия Хорватия менен ойноду. Оюн эсеби 2:2 болуп, жеңүүчү пенальти тебүүдө аныкталды. 

Хорват футболчулары 11 метрлик аралыкта топту таамай тээп, жарым финалга жолдомо алды. 

Натыйжада Хорватия жарым финалда Англия менен ойнойт. Кечээ Англия Швецияны 2:0 эсебинде утуп алган. Бул жеңиш Англияны 28 жылдан бери жете албай жүргөн жарым финалга алып чыкты. 

Жарым финалда ошондой эле Франция менен Бельгиянын улуттук курама командалары ойношот. Бул оюн 10-июлда башталат.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусияда өтүп жатат, оюн 15-июлда жыйынтыкталат. (SDz)

 

XS
SM
MD
LG