Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Орусия: Навальныйды колдоо акцияларына тыюу салынды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Калуга, Кемерово, Воронеж жана Томск шаарларынын бийликтери 7-октябрда Алексей Навальныйды колдоо акцияларын өткөрүүгө тыюу салды.

Москва мэриясы митинг өткөрүү боюнча беш арызды четке какты. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, шаар бийлиги «объективдүү себептерден» улам иш-чарага уруксат берилбей турганын билдирген.

Навальныйдын тарапташтарынын акциясына Екатеринбург бийлиги гана макул болгон. 

Ушул тапта Алексей Навальный менен анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков камакта. 2-октябрда сот аларды «уруксат берилбеген иш-чараларга катышууга  чакырык жасаган» деген жүйө менен 20 суткага камакка алган. 

 

XS
SM
MD
LG