Таласта кар жаады
Талас облусунда жаап жаткан кар учурда 6-7 сантиметрге жетти. Облуста төө бурчагын жыйнай электер, алмасын тере электер бар болчу. Аба ырайынын кескин начарлашы аларга зыянын тийгизиши мүмкүн экени айтылууда.
1
Кыргызгидромет агенттиги ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин төмөндөп, жамгыр карга айланарын эскерткен. Дыйканчылык аймактарда температура -3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.
2
Сууган аба ырайына байланыштуу Бишкекте 14-октябрда жылуулук берилет. Мэр Албек Ибраимов тийиштүү мекемелерге калаадагы үйлөрдү жана мекемелерди жылуулук менен камсыздоону тапшырган. Мындай чечим аба ырайы 14-октябрдан тарта төмөндөшүнө байланыштуу кабыл алынган болчу.
3
Эреже боюнча, алгач мектеп жана балдар бакчалары, ооруканалар жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Андан соң кабаттуу үйлөр, өндүрүш ишканалары, кеңселер жылуулук менен камсыздалат. Былтыр жылуулук борбор калаага 20-октябрда берилген.
4
5
6
7
8
9