Баткендин район борборунан эң алыс жайгашкан Зардалы айылынын тургундары 10 чакырымдай жолдун азабын тартып жашап келет. Электр энергиясы, түзүгүрөөк жолу жок тоо арасындагы айылда жалаң кары-картаңдар калган. Айыл тургундары Зардалыда туристтик багытты колго алып, жол, электр энергия, саламаттык сактоо маселелерин чечип берсе дешет.
Үмүтүн үзбөгөн Зардалы
1
Өткөн кылымдын 60-жылдары аймакта жашоого ыңгайсыз деп көчүрмө жүрүп, Баткен шаарына жакын Карабак айылына келишкен. Ата жайынан кетүүнү каалабаган 30-40тай үй-бүлө калып, ушул күнгө чейин турмуш кечирүүдө.
2
Бул айылда мезгилинде бир нече миң киши жашап, 3-4 бригада болгон.
3
Зардалы айылы коомчулукка мындан 17 жыл мурда "Өзбекстан ислам кыймылынын" жоочулары басып киргенде кенен таанылган.
4
5
Баткен окуясынан кийин Зардалыга чек ара бөлүмчөлөрү жайгашып, жашоо кайра жандана баштаган десек болот.
6
7
Айылда туруктуу 40ка чукул үй-бүлө болгону менен жай айларында жайлоолоп бир топ эле киши барат.
8
9
10
11
12
13
14
Мындан тышкары Кожо ашкан айылына да каттам жанданат. Зардалыга жетүү үчүн чоң жол бүткөн Жоопая айылынан ары күчтүүрөк автоунааң болсо Дөгмөн ашуусун ашып барсаң 20-30 чакырымдай жүрөсүн, ал эми жөө жалгыз аяк жол менен 10 чакырымдай аска боорлой кеткен чыйырда жүрүүгө туура келет.
15
Анын 4 чакырымдайы өтө кооптуу.
16
Бир тарабың аска болсо, ылдыйда Көк дарыя буркан шаркан. Бул айылда негизги унаа катары эшектерди пайдаланышат.
17
18
19
20