Ош аба майданынын бир капталындагы кеңири аянт эски учактардын жайы болуп калган. Учурда ал жайдагы ондогон ири учактар элде “Кыргызстандын эски учагы ушунча көппү” деген суроону жаратып келет.
Көктү эңсеген учактар
1
Тумшугу түшүп калган Як-40.
2
Бул учак 1975-жылы чыккан.
3
Бул учактын керосин менен толтурулган салмагы 262 тонна.
4
Жүгү жок тургандагы салмагы 182 тонналык учак. Жүк көтөрүмдүүлүгү 50 тонна. 1982-жылы биринчи жолу абага көтөрүлгөн. Бул учактар 1973-жылдан тарта Ташкендеги Чкалов заводунан чыгарылган.
5
Белгилүү АН-2. 1956-жылы чыккан. Айыл чарба өсүмдүктөрүн чегирткелерден дарылоого арбын салым кошкон иштемчил учак.
6
Оштогу учууга даяр жалгыз АН-2 учагы, айтылуу "Кукурузник".
7
Канат-куйругу кесилген он чакты АН-2 азыр каралбай четте турушат.
8
Көпчүлүккө белгисиз ITI аттуу компанияга таандык жүк ташуучу учактар. Кароолдун айтуусунда, бул учактар 2010-жылы Ошко гуманитардык жардам алып келген бойдон учуша элек. Украиналык компания делгени менен мындагы учактардын капталында Тажикстан, Түркмөнстан деген жазуулары бар.
9
ITI компаниясы Ош аба майданына жеринде ижара акысын төлөп турат. Бирок аба майдан жетекчилиги ушунча жерди канча мөөнөткө, кандай суммага ижарага бергенин айта элек.
10
Як-40 учагынын кыймылдаткычтары.
11
Эски учактын эшигин кара кулпу кайтарып турат.
12
Як-40тын ичи, учурунда эчен жүргүнчүлөрдү ташыган учак-такси.
13
Асманды эңсеп кайра учалбай отурган дагы бир учак.
14
Учактын канаты, аба жарып каалгып уччу керемет техниканын негизги бөлүгү.
15
Жерден өйдө көтөрүлө албай калган дагы бир учак.
16
Як-40тын экипаж мүчөлөрү отурчу жай.
17
Учакты башкарып турчу штурвал деген ушундай болот.
18
Як-40тын бош калган бортунда май сактоочу идиштер жатат.
19
Көккө көтөрүлө албай калган кадимки "АН - 12".