Баткен шаарында 15-февраль - Советтик Армиянын Ооган жергесинен чыкканынын 26 жылдыгына жана курман болгон кыргызстандыктарды эскерүү күнүнө карата салтанаттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ооган согушунун ардагерлери катышты.
Баткен: Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү
1
Салтанаттын жүрүшүндө Ооган согушунун ардагерлеринин мемориал-эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.
2
3
4
5
10 жылга созулган Ооган согушуна Советтик Армиянын катарында Баткен облусунан 600гө жакын жоокер барып, алардын ичинен 25и курман болгон.
6
7
Облустук музыкалык драма-театрында атайын концерттик программа уюштурулуп, Ооган согушунун ардагерлерине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамоталары тапшырылды.
8