Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Экономика

Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?
please wait

No media source currently available

0:00 0:57:47 0:00

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.

Кыргызстанда чыгып жаткан криптовалюталар, A7A5 стейблкоинин чыгарган Илан Шор, президент Садыр Жапаров, Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао. Коллаж.
Кыргызстанда чыгып жаткан криптовалюталар, A7A5 стейблкоинин чыгарган Илан Шор, президент Садыр Жапаров, Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао. Коллаж.

Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы мамлекеттик криптовалютасын чыгарды. Бийлик ал стейблкоин экенин жана курсу доллар менен бирдей болорун билдирди. Стейблкоин деген эмне? Кыргыз өкмөтү эмнеге криптовалюта базарында аракеттерин күчөттү?

Өлкөдө мындан башка дагы беш криптовалюта жүгүртүүгө чыгарылды. Анын бири орусиялык олигарх менен байланыштырылып, Батыш мамлекеттеринин санкциясына илинди. Миллиарддаган долларларды айланткан ал кайсы инструмент? Калган криптовалюталардын артында ким турат?

“Азаттык” мына ушул суроолорго жооп издеди.

Алгачкы кыргыз криптовалютасы

Адегенде кыргыздын алгачкы криптовалютасы USDKG жөнүндө кеп кылабыз. Андан да мурдараак криптовалютанын өзүн түшүндүрө кетели.

Криптовалюта бул – интернетте гана жүгүртүлгөн санарип акча. Ал жөн гана шифрленген коддордун жыйындысы. Же тиешелүү компьютердик программада, тагыраагы, блокчейн технологиясы аркылуу иштелип чыккан сандардын топтому.

Биринчи криптовалюта – биткоин 2009-жылы чыгарылган. Аны Сатоси Накамото деген лакап менен белгисиз программист же программисттер тобу түзгөн. Анын жүзү азырга чейин белгисиз.

Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүнүн символикалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Криптовалютанын ар кайсы түрлөрүнүн символикалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул аралыкта биткоинден башка миңдеген криптовалюталар жүгүртүүгө чыкты. Учурда колдонуучулар аны бирдеме алып-сатууда кадимки акча сыяктуу төлөм каражаты катары да, киреше табуучу булак катары да пайдаланышат.

Кыргызстанда узак талкуулардан кийин криптовалюта базарын көзөмөлдөө үчүн 2021-жылы “Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоору сунушталып, 2022-жылы ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” деген аталыш менен кабыл алынган.

Натыйжада Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүү, жүгүртүү, алып-сатуу жана криптобиржа иштетүү мыйзамдаштырылган. Үч жылдын ичинде 11 криптомайнинг фермасы, 13 криптобиржа, 186 криптовалюта алып-сатуучу жай катталды. Ал тургай кыргыз бийлиги Улуттук крипто биржаны жана Улуттук крипто резервин түзүү дымагын жарыялаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын май айында дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаону Бишкекке чакырып, өзүнө кеңешчи кылып бекитти.

Чанпэн Чжао жана Садыр Жапаров. Май, 2025-жыл.
Чанпэн Чжао жана Садыр Жапаров. Май, 2025-жыл.

Президенттин алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, анын биринчи жыйналышына Чанпэн Чжао да катышкан.

Бул тушта Кыргызстандын Финансы министрлиги “Виртуалдык активдердин эмитенти” деген компания негиздеп, кыргыз криптовалютасын түзүү үчүн чет элдиктерден куралган кеңешчи топ жалдады. Уильям Кэмпбелл аттуу адам жетектеген топ Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана финансы министри Алмаз Бакетаев менен жолугуп кетти.

USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.
USDKG долбоорунун кеңешчи тобунун башчысы Уильям Кэмпбелл жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

Кеңешчи топтун мүчөсү Габриэль Герра Кыргызстандын бийлиги USDKG аттуу өзүнүн токенин чыгарууну пландап жатканын алгач ирет 5-майда Дубай шаарындагы Token2049 конференциясында жарыялаган. Кийин Финансы министрлиги өлкө бийлиги атамекендик биринчи криптовалютаны чыгарууну пландап жатканын “Азаттыкка” ырастаган.

Октябрдын аягында Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш экинчи ирет отурумун өткөрүп, бийлик бул жааттагы пландарын кайрадан кайталады.

Мындан көп узабай – ноябрдын башында Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы “Виртуалдык активдердин эмитенти” компаниясы чыгарган USDKG стейблкоинин каттаганын расмий кабарлады.

Cтейблкоиндин алгачкы эмиссиясы 20-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жүгүртүүгө чыкты. Иш жүзүндө Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик криптовалютасы пайда болду.

Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Youtube’дагы Cointelegraph каналына буларды билдирди:

“USDKG – бул алтын менен камсыздалган, долларга байланган дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик стейблкоин. USDKG сыяктуу инструментти түзүү менен биз банк системасын алмаштырган шарт жаратып жатабыз. Башкача айтканда, ал ортомчусуз иштейт, акча которууларга чыгымдарды таптакыр азайтат, ачык-айкын жана ыкчам болот”.

Баса, криптовалютанын бир нече түрү бар. Биринчи түрү – монета. Ал эч бир банктык системага жана мамлекеттик валюталарга байланган эмес. Бул топко биткоин (Bitcoin), опекс (Opex), риппл (Ripple), лайткоин (Litecoin) сыяктуу монеталар кирет.

Экинчи түрү – токен. Бул бар монеталардын блокчейнин пайдалануу менен иштелип чыккан жана ошол платформалардын ичинде жайгашкан валюталар. Solana (SOL), Tether (USDT), XRP, Binance Coin (BNB) жана башкалар токен болуп саналат.

Ошол эле токендин өзүнүн да үч тиби бар. Анын бири – стейблкоин (stable – стабилдүү, coin – монета). Булардын наркы кадимки акчанын курсуна же алтын, мунай, дан сыяктуу товарлардын биржалык баасына байланат. Алар кымбаттаса кымбаттап, арзандаса баасы түшүп турат. Мисалы Tether же USDT стейблкоини криптобазарда АКШ доллары менен 1:1 эсебинде бааланат.

Кыргызстан чыгарган стейблкоин да Кошмо Штаттардын валютасына 1:1 эсебинде байланууда. Ошону үчүн да кыргыз криптовалютасы – USDKG’нин аталышы доллардын кодуна окшош берилгендей.

Экономист Кубан Чороев "Азаттыкка" буларды айтты:

Кубан Чороев
Кубан Чороев

“Мисалы, Кыргызстандын Улуттук банкынын резерви 6 млрд доллардын тегерегинде. Ал эми USDT’нын капитализациясы 183 млрд долларды түзөт, бул деген Кыргызстандын улуттук резервдеринен 30 эсе көп деген сөз. Ошондуктан USDKG да бара-бара дүйнөдө популярдуу болуп кетсе Кыргызстандын экономикасына жана кыргыз өкмөтүнө дүйнөдө ишенип көбөйсө, анда USDKG’нин резервдери Кыргызстандын Улуттук банкынын резервдеринен бир нече эсе көп болуп кетиши мүмкүн. Бул чоң капитализация, чоң ликвиддүүлүк. Эгер туура алгоритм менен туура багытта ишке аша турган болсо, албетте, бул кыргыз экономикасына чоң бонустарды жана чоң бенефиттерди алып келет”.

Расмий маалыматтарда келтирилгендей, башында 50 млн долларлык 50 миллион даана USDKG стейблкоини сатыкка чыгарылат. Сомго чакканда бул 4 млрд сомдон ашык акчага бааланат. Андан соң 500 миллион доллар салынып, кийин сумма 2 миллиард долларга чейин жеткирилиши мүмкүн экен.

Кыргызстандык активист жана трейдер Айбек Баратов мындай дейт:

Айбек Баратов
Айбек Баратов

“Жалпы жонунан бул өтө туура аракет. Муну менен Кыргызстан башка өлкөлөргө үлгү болуп, финансылык тармактагы жаңычылдыктарга өзүнүн ыктап жатканын жана оң карай турганын көрсөтүп жатат деп эсептейм. Бул туура. Менимче, мындайды эч ким кыла элек болчу. […] Адамдар бара-бара кагаз акчадан алыстай берет. Криптовалюталык активдердин эмне артыкчылыгы бар? Алар банк операцияларына салыштырмалуу абдан тез жүрөт. Каражат саналуу мүнөттөрдө которулат, акча которуу үчүн комиссия өтө аз. Бул алуучу менен сатуучунун ортосунда аралыкты абдан кыскартат. Бир гана маселе – активди көзөмөлдөө бир тарапка тиешелүү болуп калганы гана кыжаалат кылат. […] Сиз анда канча активге ээ болсоңуз деле аны бир тарап башкарат, ал келишимди жок кылып коюшу мүмкүн. Сиздин капчыгыңызда миллион сомдук же миллион долларлык активиңиз болсо аны секундада эле жоготуп алышыңыз мүмкүн, себеби аны башкарган тарап кандай чечсе, ошондой болот”.

Ооба, адистерди кабатыр кылган башкы маселе – криптовалютаны башкаруу экен. Мисалы, кайсы бир мамлекеттин акчасын ошол өлкөнүн Улуттук банкы башкарат дейли. Бул борбордоштурулган башкаруу деп аталат. Криптовалютада, айталы, биткоинде борбордоштурулган башкаруу жок. Системага кошулган тараптын баары аны майнинг кыла алат, каалашынча сатат-алат. Алып-сатуучулардын бардыгы тең укукта. Баасын базар чечет. Ошону үчүн анын наркы 1 доллардан 100 миң долларга чейин өсүп, кайра кескин арзандап турат.

Ал эми биз кеп кылып жаткан стейблкоинди болсо бир тарап чыгарат жана ошол гана тейлейт. USDT’ни Британиянын Виргин аралдарында катталган Tether компаниясы башкарса, USDKG’ни Кыргызстандын “Виртуалдык активдердин эмитенти” компаниясы башкарат. Алар майнинг кылбайт, ошондуктан криптовалютаны чеги жок чыгара алат.

Чет жакта иштеген кыргызстандык программист Даниил Вартановдун пикирин угалы:

Даниил Вартанов
Даниил Вартанов

“Криптовалютанын нагыз мааниси ал борбордоштурулган эмес экендигинде. Ал Кыргызстандын өкмөтүбү, же башкабы, ким болбосун, эч кимден көз каранды болбошу керек. Бирок стейблкоиндер андай болбойт. Стейблкоинде биз аны чыгарган аткаминерге ишенүүгө аргасыз болобуз. Ал ошол стейблкоинге чындап эле долларды резерв катары байлайбы, өз ишин жакшы аткарабы, өздөрү уурдап албайбы, билбейбиз. Балким, аны кайсы бир нерселерди алып-сатууда эсептешүү үчүн жакшы идеядыр, бирок жеке мен стейблкоинде акча сактоого таптакыр кеңеш бермек эмесмин. Себеби, кайра айтам, биз өз акчабызды стейблкоиндин курсун кармап турууга убада берген бир кишинин колуна түздөн-түз берип коёбуз. Алар аны кармайбы, келечекте кандай болот, анын таптакыр текшере албайбыз”.

Сомго байланган криптовалюта

USDKG криптовалютасынын артынан эле Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы KGST аттуу кыргыз сомуна теңме-тең байланган улуттук стейблкоинди жүгүртүүгө чыгарганын жар салды. Башкача айтканда, ал сом менен 1:1 деп бааланат.

Кеңештин катчылыгы KGST камсыздалган стейблкоин болорун, анын резервдери мамлекеттик банктарда сакталарын билдирүүдө. Бул каражат алгач ички криптобиржаларда сатыкка чыгарылып, кийин Binance жана Coinbase сыяктуу эл аралык биржаларда да сатыкка коюлат. KGST стейблкоини Улуттук банк жакынкы жылдары чыгарууга камданып жаткан санарип сомго да байланышы мүмкүн экен.

Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы тараткан сүрөт.
Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы тараткан сүрөт.

Улуттук стейблкоин деп аталып жатканы менен KGST стейблкоинин "КейЖиЭсТокен" жеке компаниясы жүгүртүүгө чыгарган. Директору катары Ольга Мартынова, негиздөөчүсү катары “Гевор Трейдинг Корп” аттуу эл аралык компания көрсөтүлгөн. Демек, стейблкоиндин түбү чет элдик болуп саналат.

Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов соңку жыйында мындай деди:

Фархат Иминов
Фархат Иминов

“KGST санарип активдердин мамлекеттик реестринде катталган жана BNB Chain тармагына жайгаштырылган. Мульти колтамга механизми жана фиаттык резервдештирүү колдонулган. KGST эл аралык эсептешүүлөрдө кош конвертациясыз эле колдонула берет жана келечекте санарип сом менен айкалышмакчы. Бул анын өлкө сыртында колдонулушун күчөтөт. Санарип сом менен стейблкоинди байланыштыруу эл аралык эсептешүүлөр жана акча которуулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү арттырат”.

Кыргызстандын мурдагы президенттеринин тушунда тиешелүү мамлекеттик мекемелер улам-улам билдирүү таратып, калкты криптовалютадан оолак болууга чакырып, санариптик акчага инвестиция салуунун кооптуу жактарын эскертип турчу.

Президент Садыр Жапаров болсо бул жааттагы саясатты өзү колго алып, мамлекеттик органдарга ачык тапшырмаларды коюп жатат. Ал өз сөзүндө Кыргызстан алдыңкы жылдары виртуалдуу активдер өнүккөн өлкөгө жана аймактык хабга айланышы керектигин айтып келет.

Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйынында Жапаров буларга токтолду:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“KGST стейблкоинин түзүү боюнча жүрүп жаткан жумуштарды кубаттайм. Катчылыкка аны чыгарууну камсыз кылууну жана эл аралык платформаларда листинг кылууну алып баруусун тапшырам. Улуттук криптовалюта резервин түзүү боюнча да катчылыкка тиешелүү сунуштарды даярдоо үчүн эки айлык убакыт берем. Реалдуу активдерди токендештирүү боюнча сунушту колдойм жана муну Энергетика министрлигине тапшырам. Силер катчылык менен чогуу энергетика тармагында келишилген пилоттук долбоорду үч айдын ичинде иштеп чыккыла. Биз жакын арада бул жаатта өтө маанилүү чечимдерди кабыл алабыз”.

Албетте, криптовалюта алгач жүгүртүүгө чыккан маалда көп өлкөлөр ага сын көз менен карап, бир катар мамлекеттерде тыюу да салынган. Бирок технологиянын өнүгүшү саясий лидерлердин көз карашын өзгөртүүгө мажбур кылды. Буга криптобазарда чоң акча айланганы, ал айрым муктаждыктарды чечкени жана башка жагдайлар да түрткү болду. Соңку беш-он жылдан бери ал тургай он чакты мамлекет өз криптовалютасын чыгаруу аракеттерин баштаган. Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да бул жаатта өз аракеттерин жандантууда.

“Токенизация деп коёт, бизче токендештирүү деп койсок болот. […] Же блокчейн технологиясын децентралдаштыруу деп түшүнсөк болот, дүйнө жүзү ошого баратат. […] Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, бул жакынкы беш жылда дүйнөнүн финансылык системасында жана мамлекеттердин финансылык системасында чоң өзгөрүүлөргө алып келет. Азыр окуп-угуп атсаңыздар керек, ошол эле Казакстанда, Өзбекстанда, ошол эле Орусия өздөрүнүн санариптик акчасын чыгарууга умтулуп жатышат. Эгер азыр чыгарбай коюшса анда утулуштуу абалда болуп калышат. […] Ошондуктан Кыргызстандын мындай технологиялык аракеттерин, албетте, колдошубуз керек”, - деди экономист Кубан Чороев.

Деген менен улуттук криптовалюталарын чыгарган мамлекеттердин баарында эле ал ийгиликтүү иштеп кеткен жок. Кээлери бул аракеттерин өзгөртүшсө, айрымдары өзүнүн улуттук валюталарынын гана санариптик версиясын чыгарууга бет алышты.

CoinGecko аянтчасынын эсебинде, дүйнөдө 7 миллиондой криптовалюта жүгүртүүгө чыгарылса, анын 4 миллионго жакыны колдонулбай, кайра кыйрап калган.

Программист Даниил Вартановдун оюн кайрадан сунуштайбыз:

“Дүйнөлүк деңгээлде криптовалюта чыгаруу кыйын болот го. Анткени ага көптөгөн тараптар умтулуп жатышат жана биздин өлкөнүн бийлиги андай адамдар менен атаандашуу үчүн эч кандай артыкчылыкка ээ эмес. Бул биринчиден. Экинчиден, финансылык сферада инновация өтө маанилүү нерсе. Аны болсо адатта көзөмөлдү азайткан мамлекеттердеги жеке тараптар чыгара алат. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Бир нече жыл мурда криптовалюталарды алмаштыруучу жайларды мыйзамдаштырып, ошол эле маалда криптовалютаны күнүмдүк эсептешүүдө колдонууга тыюу салып коюшкан. Муну менен Кыргызстан финтех жаатында өзүнө тарткан өлкө болбой калды. Ошондуктан бизде артыкча көзөмөл азайганга чейин мен кандайдыр бир жарытарлык нерсе болот деп күтпөйм”.

9 млрд долларды айланткан криптовалюта

Кыргызстандын ички базарында пайда болгон үчүнчү криптовалюта бул – A7A5.

Кыскасы, эл аралык Financial Times басылмасы быйыл 25-июнда “Орусиянын көмүскө төлөмдөрү үчүн криптовалюта 9 миллиард долларды айлантты” деп аталган макала жарыялаган. Басылма анда быйыл февралда Кыргызстандын аймагында Grinex аттуу криптобиржа уюшулганын, анда рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылганын баяндаган.

Илан Шор жана ага таандык делген криптобиржа менен криптовалюта.
Илан Шор жана ага таандык делген криптобиржа менен криптовалюта.

Журналисттер Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан.

Financial Times басылмасы өз иликтөөсүндө криптобиржа санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгонун, анын артында күмөндүү иштерде аты аталган молдовалык ишкер Илан Шор турарын билдирген. Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

“Азаттык” маселенин чоо-жайын андан ары иликтеп, айрым фактыларды аныктай алды. Тагыраагы, Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди же стейблкоинди сатыкка чыгарганына күбө болду. A7a5.kg сайтындагы маалыматка ылайык, алар 100 000 000 (млрд) рублге тете стейблкоинди сатышкан.

“Олд Вектор” компаниясы (Old Vector, 311479-3301-OOO) былтыр 13-декабрда, ал эми “А7-Кыргызстан” компаниясы быйыл 17-январда Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн (312344-3301-ООО).

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын адистери “А7-Кыргызстан” компаниясы лицензия алган-албаганын тактаган эмес, бирок “Олд Вектор” компаниясы токен чыгарууга уруксат алганын ырастаган.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкы имараты. Бишкек, Кыргызстан.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башкы имараты. Бишкек, Кыргызстан.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын “Азаттыктын” катына берген жообу:

“2025-жылдын башында “А7А5” стейблкоини – “Олд Вектор” жоопкерчилиги чектелген коомунун “А7А5” стейблкоини катары каттоого алынган. 1 стейблкоиндин номиналдык наркы 1 (бир) рубль”.

“Олд Вектор” компаниясы жалпы 100 млрд даана стейблкоинди жүгүртүүгө чыгарган. Ал бир рублден турарын эске алганда, жалпы наркы 100 млрд рубль болот.

Financial Times басылмасы белгилегендей, Grinex криптобиржасы жана анда айланып жаткан токен Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган Орусияга кирген-чыккан каржы агымдарын тейлөөгө багытталган. Жөнөкөй түшүндүргөндө, чет өлкөгө акча которууну каалагандар так ушул биржаны колдонууда. Себеби, Орусиянын көп банктары банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан өчүрүлгөн.

“Сырткы оюнчулар Кыргызстанды санкциялардан буйтоо үчүн колдонуп жатышы мүмкүнбү? Толук мүмкүн. Албетте, мен азыр муну ырастай да албайм, четке да кага албайм. Мындай нерселерге өтө этияттык менен кароо керек […] Биринчиден, дүйнөдөгү бардык адалдаштырылган акчанын 99% кадимки банктар аркылуу жүрөт, ага эч кандай криптовалюталар керектелбейт. Эгер криптовалюталардын өзүн ала турган болсок, аны банк системасынан сырткары которуу үчүн эң жөнөкөй криптовалюталар деле жарайт. Адамдар көнүп алгандыктан, жөнөкөй жана түшүнүктүү болгондуктан стейблкоиндерди колдонушса керек. Бирок ал коопсуз дегенди түшүндүрбөйт. Мында кайра эле ошол стейблкоиндерди чыгарып, жүгүртүп, алардын курсун кармап турган адамдарга ишенүүгө туура келет”, - дейт программист Даниил Вартанов.

Мына ушундай түкшүмөлдөрдүн фонунда АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) быйыл 14-августта Grinex криптобиржасына санкция салган. 20-августта Улуу Британиянын өкмөтү да Grinex биржасына жана стейблкоинди чыгарган “Олд Вектор” компаниясына, алардын негиздөөчүлөрүнө санкция киргизген.

Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы 23-октябрда кабыл алган санкциялык пакетинде Кыргызстанда ачылды делген Grinex криптобиржасына жана анда соодаланып жаткан A7A5 криптовалютасына санкция салынганы белгилүү болгон.

Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн ушул жааттагы соңку санкциялары негизсиз экенин билдирип келет.

Калган үч криптовалютанын баяны

Ошентип, жогоруда биз үч криптовалютаны – USDKG, KGST жана A7A5 стейблкоиндери жөнүндө баяндадык. Эми Кыргызстанда пайда болгон калган үч криптовалюта – MTH, CDSD жана LMAu тууралуу кеп кылалы.

Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын маалыматтарына ылайык, МТН криптовалютасына “МТН” жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат. Юстиция министрлигинин сайтында компаниянын ээси жана жетекчиси катары Олег Моисеев аттуу жаран көрсөтүлгөн.

“Акчабар” сыйты ырастагандай, компаниянын 100% капиталы Орусиядан салынган. Алар 8,7 млн сомдук 10 млн токенди сатыкка чыгарышкан. Калган жагдайлары белгисиз.

CDSD аттуу криптовалютаны "Алтын сом" деген фирма каттаган. Бул компанияга Амангелди Сопубеков деген жаран жана "Вертекс" деген акционердик коом кожоюндук кылат. Юстиция министрлигинин сайтында бул акционердик коомдун түбү кайсы жакта экени жазылган эмес. Маалыматтарга ылайык, булар 10 млн сомдук 1 млрд токенди сатыкка коюшкан.

LMAu деп аталган криптовалютаны болсо “ЛанТал Майнинг” деген компания жүгүртүүгө киргизген. Бул компанияны "Тенетрикс" аттуу фирма негиздеген, анын кожоюндары Андрей Трубицин жана Руслан Мусабаев деген жарандар. “ЛанТал Майнинг” дээрлик 10 миллион сомго 1247 даана токен саткан.

Кыргызстандын криптовалюталарын чагылдырган сүрөт. Жасалма интеллекттин негизинде жасалган.
Кыргызстандын криптовалюталарын чагылдырган сүрөт. Жасалма интеллекттин негизинде жасалган.

Виртуалдык активдердин эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган жогорудагы 6 криптовалютаны бириктирген бир нерсе бар – алардын баары токен. Демек, стейблкоин. Ал эми стейблкоин классикалык майнинг жолу менен эмес, жеңил гана чыгарыларын жогоруда белгилей кеттик.

Программист Даниил Вартанов эмне үчүн баары стейблкоин экенин мындайча түшүндүрдү:

“Бардык стейблкоиндерди түзүү опоңой. Аны түзүү азыр модага айланып кетти. Себеби ошого суроо-талап болуп жатат жана карапайым элге түшүнүктүү нерсе. Ошондуктан баары стейблкоин түзүп жатканы мени таң калтырбайт. […] Жеке мен эч бир стейблкоинде акчамды сактабайм жана башкаларга да эч качан мындай кеңеш бербейм. Себеби, кайра кайталайм, башка криптовалюталарга салыштырмалуу стейблкоинге акча салуу бул жөн эле акчаңды бирөөнүн колуна кармата салуу дегенди билдирет”.

Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы билдиргендей, Кыргызстандагы криптовалюта биржалары жана крипто алмаштыруучу жайлар 2024-жылы жалпы жүгүртүүсү 587,3 млрд сомду түзгөн. 2025-жылдын он айында болсо алар 1 триллион 784,18 млрд сомдук криптовалюталарды алып сатышкан экен. Эбегейсиз сумма.

Кыргызстандын криптобазарында мындай сумма мурда деле ушундай көлөмдө айланчу беле? Же, бир кезде тиешелүү мыйзамдын кабыл алынышы менен бул жааттагы оюнчулар көмүскөдөн чыгыштыбы? Же, чет элдик топтордун кирүүсү менен ушунчалык чоң секирик болуп жатабы? Айтор, биз толук түшүнө бербеген бүдөмүк жагдайлар көп.

Активист жана трейдер Айбек Баратов "Азаттыкка" курган интервьюсунда мындай ойлору менен бөлүштү:

“Менимче, бул базардын кадимки эле мыйзамы – суроо-талап барбы, демек, ошого жараша сунуш да чыгат. Кыргызстан Борбор Азиядагы эл аралык хаб болуп саналат. Кыргызстан аркылуу көптөгөн товарлар, айталы, Кытайдан же жергиликтүү өндүрүштөгү автоунаалар ташыла турганын баарыбыз билебиз. Ошол эле санкциялардын фонунда Кыргызстан товар жүгүртүүнүн чордону катары эл аралык базардын катышуучуларына мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, өзүнө жеңил система жаратып алуусуна мүмкүнчүлүк берет. […] Бизнес толук санарипке өтсө, активдер, операциялар ушул нукка бурулса, көп нерселер көмүскөдөн чыгат. Электрондук төлөм жүргүзүү көбөйсө, биз эмне өндүрөбүз, эмне алып-сатабыз, баары ачык айкын болуп калат. […] 10 жылдан кийин, 15-20 жылдан кийин биз кагаз акчаны эски бир буюм катары эстеп калабыз. Азыр эле карта, QR код, онлайн төлөмдөр көбөйүп, өткөөл мезгилде турабыз, 20 жылдан кийин колго кармай турган акчаны таптакыр пайдаланбай калабыз”.

Биз бул баяныбызда Кыргызстандын криптобазарында болуп жаткан көрүнүштөрдү жана анын күңгөй-тескейин колдон келишинче жеңил чечмелегенге аракет кылып көрдүк. Ага карабай татаал терминдер, бизге жат түшүнүктөр көп болуп, аңдоо кыйыныраак болду окшойт. Кантели, аталган тема өзү татаал.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG