Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Алгачкы маалымат боюнча парламенттин курамына мурдагы чакырылыштагы 50гө жакын депутат, айрым жаңы жүздөр келчүдөй болуп турат. Парламенттик шайлоо кандай өттү, кийинки парламенттин жүзү кандай болот?
Бишкекке ЖККУнун саммитине келген Лукашенко Минск Бакиевди өткөрүп бербесин, бирок бийликтен кулатылган президентти Кыргызстанга бир келип кетиши тууралуу кыргыз жетекчилери менен сүйлөшөрүн айткан эле.
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) утуп чыккандар арасында бийликке жакын талапкерлер басымдуу болду деп баалады. VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кандай болот? Көз каранды болуп, бийликтин жетегинде калышы ыктымал деген кооптонуулар канчалык негиздүү?
Украинадагы согуш жакын арада токтойбу? Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эми Москвада уланат. АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусиянын президенти менен сүйлөшүү үчүн жолго чыкканы маалым болду. Жекшембиде Украина менен Орусиянын делегациясы Американын Флорида штатында жолуккан.
Бул жолку шайлоодо Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышынын бир катар депутаттары өз округдарында алдыга чыгып, кайрадан мандат алууга жакын турат. Парламенттик шайлоодо 300гө жакын арыз, даттануу, добуш сатып алуу фактылары болуп, талапкерлерге эскертүүлөр берилди.
"Азаттык" парламенттик шайлоодо көп добуш менен алдыга чыгып, биринчи жолу депутат болгону жаткандарды талдады.
30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Жогорку Кеңештеги 90 мандат үчүн 460 талапкер ат салышты. Көз карандысыз эксперттер парламенттин сапатын сындаса, кыргыз бийлиги тандалган эл өкүлдөрү өлкөнүн келечеги үчүн талбай иштейт деп ишендирет.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү. Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири гендердик квота боюнча тандалат. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы кандай болот жана анын алдында эмне максат-милдеттер турат?
30-ноябрда Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо 30 округдан алдыга озуп чыккан талапкерлер тууралуу кыскача маалымат. Бул шайлоонун алдын ала жарыяланган жыйынтыгы экенин эске салабыз.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул саясий жараянды бийлик мыйзамдын чегинде гана уюштурууну убада кылууда. Бирок шайлоо парламенттин ролу төмөндөп, өлкө энергетикалык оорчулукту башынан кечирип жаткан шартта өтүүдө.
Кыргызстандыктар Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн добуш берүүдө. Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келсе дейт? Жаңы парламенттен эмне күтөт? Бул суроолор менен “Азаттыктын” кабарчысы Ысык-Көлдүн тургундарына кайрылды.
Дагы жүктөңүз