Кыргызстанда тумоологон балдар көбөйүп, ооруканалар толуп калды. Дарыгерлер быйыл тараган "Гонконг тумоосу" өтө кооптуу, бирок жалпы эпидемиологиялык абал туруктуу дешет. Бишкекте бир нече бала бакча карантинге жабылды, Баткенде айрым мектептерде окуучулар убактылуу онлайнга өттү.
Муну менен катар дарыканалардын санын кыскартуу керектигин айтып, калк ичинде дары-дармек көп колдонулуп жатканын жүйө келтирген. Коомдогу талкуулардан кийин министр сөзү туура эмес чечмеленип кеткенин билдирди.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда тынчсыздануу, депрессия, суицид, аракечтик, баңгилик өңдүү психикалык бузуулуудан калктын 11% пайызы жабыркайт. Адистер реалдуу сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандардын саны 90 миңге чукулдаганы кабарланды. Адистер элдин жашоо образын, тамактануусун ж.б. шарттарды эске алганда реалдуу сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда калктын 11 пайызы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Адистердин айтымында, соңку убакта депрессия, тынчсыздануу, ар кандай терс ойлордун кучагында калып дүрбөлөңгө түшүп, уйкусуздукка кабылгандар көбөйүүдө.
“Сергек жашоо” подкастында аялдын саламаттыгы, жыныстык оорулар, генофонд тууралуу сүйлөшөбүз.
Эркин Жаманбаев көп жыл Кыргызстанда, андан кийин Африка, Канада жана башка жактарда дарыгер болуп иштеп, соңку жылдары Словакияда эмгектенүүдө. Ал азыр саламаттыкты сактоого стратегиялык мамиле, жаңычыл дарылоо ыкмалары боюнча адис. Биз анын жалпы топтогон тажрыйба, билимин салыштырып маектештик.
Эркин Жаманбаев көп жыл Кыргызстанда, андан кийин Африка, Канада ж.б. жактарда дарыгер болуп иштеп, соңку жылдары Словакияда эмгектенип жатат. Ал азыр саламаттыкты сактоого стратегиялык мамиле, жаңычыл дарылоо ыкмалары боюнча адис. Биз анын жалпы топтогон тажрыйба, билимин салыштырып маектештик.
Кыргызстанда пластикалык хирургия соңку жылдары кеңири жайылды. Муну менен катар эле андан зыян тартканын айтып даттангандар да бар. Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери 20дан ашык арыз түшүп, 18 адам ботокс процедурасынан кийин ууланганын билдирген.
Улуттук илимдер академиясы Бишкектеги Ботаникалык бактын абалы тууралуу талкууларга комментарий берди. Анда бул жайды жаңылоого байланыштуу ири долбоор башталганын, анын алкагында комплекс толугу менен оңдолуп-түзөлөрүн билдирди.
Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талкууга түштү. Ординатор бейтаптын жакындары сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.
Кыргызстанда кызамык (корь) жугузуп алгандар көбөйүп жатат. Расмий маалыматта быйыл июнга карата 8572 жаңы учур катталды. Оорунун жайылып жатышына эмдөөнүн үзгүлтүккө учурашы, вакцинадан баш тартуу жана ата-энелердин жетишсиз маалыматы себеп экени белгиленди.
Дагы жүктөңүз