"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Украинадагы согуш жакын арада токтойбу? Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эми Москвада уланат. АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусиянын президенти менен сүйлөшүү үчүн жолго чыкканы маалым болду. Жекшембиде Украина менен Орусиянын делегациясы Американын Флорида штатында жолуккан.
Быйыл биринчи жолу аралыктан туруп, кайсы жерден болбосун жарандык милдетиңди аткара аласын. Так айтканда, жарандар Кыргызстанда туруктуу жана биометрикалык каттоосу болсо каалаган тилкеден добуш бере алат. Добуш берчү жерге барганда паспортту же «Түндүк» тиркемесин көрсөтсөңүз жетиштүү.
20-ноябрда Киевде украин лидери Владимир Зеленский Пентагондун жогорку деңгээлдеги жетекчилиги менен жолугат. Мунун алдында медиа каражаттарында Вашингтон сунуштаган тынчтык пландын айрым жагдайлары жарыяланып кетти.
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ президенти Дональд Трамптын Газа боюнча резолюциясын кабыл алды. Ага ылайык, палестин анклавын убактылуу “Тынчтык кеңеши” башкарып, эл аралык күчтөр киргизилет. Кеңешке Трамп өзү төрагалык кылат.
Эл аралык темаларга келсек. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши АКШ президенти Дональд Трамптын Газа боюнча резолюциясын кабыл алды. Ага ылайык, палестин анклавын убактылуу “Тынчтык кеңеши” башкарып, эл аралык күчтөр киргизилет. Кытай менен Орусия резолюцияга добуш берүүдөн карманды.
АКШ менен Борбор Азия алакасында “жаңы доор” башталдыбы? Ак үйдө президент Трамп Борбор Азиянын беш лидери менен жолукту. Саммитте чөлкөмдүн айрым өлкөлөрү менен миллиарддаган доллар келишимдер түзүлдү. Трамп менен Жапаровдун бетме-бет кездешкени кыргыз-америка алакасынын өнүгүшүнө өбөлгө болобу?
6-ноябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп С5+1 форматындагы саммит өткөрдү. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышты. Саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүүсү үчүн кандай өбөлгө болуп берет деген талкуу башталды.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган кыргыз жараны Наталья Секеринаны бошотуп алышарын, бул окуянын жыйынтыгы жагымсыз болорун айтты. Орусиянын бул эскертүүсү эмнени билдирет?
Украинада кайрадан кандуу чабуул. Зеленский Крымдын оккупациясын тааныбай турганын билдиргенден соң Лондондогу башкы жыйын да өтпөй калды. Вашингтондун тынчтык планы четке кагылдыбы?
Орусиядагы кыргызстандыктар сабалган мончону иштеткен үч адамга кылмыш иши козголду. Алар мыйзамсыз миграция уюштурду деп айыпталууда.
Москвада негизинен кыргызстандыктар барган мончого полиция өкүлдөрү кирип барып, ичиндегилерди себебин түшүндөрбөстөн туш келди уруп-сабап, кыйноого алганы тууралуу кабарлар тарады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя териштирилип жатканын билдирди.
Өзбекстандын Самарканд шаарында жогорку деңгээлдеги алгачкы Евробиримдик-Борбор Азия саммити өттү. Ага шаркеттин жана чөлкөмдөгү беш мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын лидерлери катышты.
Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Европа Биримдиги–Борбор Азия саммитинин келечеги барбы? Чөлкөм, анын ичинде Кыргызстан андан кандай пайда көрүшү мүмкүн? Тышкы саясатта бул кызматташуу Кытайдын жана Орусиянын кызганычын ойготпойбу?
Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер көрүлүп жатканы менен азырынча майнап чыга элек. Мунун себеби эмнеде? Вашингтон менен Киевдин ортосундагы сейрек кездешүүчү минералдар тууралуу келишимге кол коюлбай жатканына эмне тоскоол?
Сирияда өкмөттүк күчтөр менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Бул тууралуу укук коргоочулар тобу кабарлашты.
Дүйнөнү дүң кылган кайым айтыштан кийин америка лидери Трамп менен украин президенти Зеленский кайра тил табышкандай болду. АКШнын жардамы жок Украина орус армиясына канчалык туруштук берет? Европанын чама-чаркы кандай?
Жасалма интеллект жаңы глобалдык жарышты жаратты. Интеллект жагынан адамдан ашса ашып, бирок кем калышпаган америкалык чат-ботторду улай Кытай да өз программасын жарыялады.
ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) Израилге өткөрүп берген эки баланын энесинин сөөгү башканыкы болуп чыкты. Бул тууралуу туткундардын сөөктөрүнө соттук-медициналык экспертиза жасалгандан кийин Израил бийлиги билдирди.
ХАМАС радикал тобу Израилге өткөрүп берген эки баланын энесинин сөөгү башканыкы болуп чыкты. Бул тууралуу туткундардын сөөктөрү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Израил бийлиги билдирди. Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху 21-февралда бул үчүн хамасчылардан өч аларын эскертти.
Дагы жүктөңүз