"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Британия үчүнчү ирет толук карантинге жабылды. Германияда коронавируска чалдыккандар жана бул илдеттен каза болгондор көбөйүп жатканына байланыштуу чектөөлөр узартылганы турат.
Узап бараткан жылы "Азаттыктын" айрым видеобаяндары өз каармандарынын жашоосун өзгөртүүгө жардам берди.
COVID-19 пандемиясы 2020-жылы дүйнө экономикасын кыйла алсыратты. 2021-жылы экономика калыбына келеби жана коронавируска каршы эмдөө буга канчалык жардам бере алат?
Бир катар мамлекеттердин өкмөттөрү жарандарын "Ыйсанын туулган күнү" жана Жаңы Жыл майрамдары маалында ашыкча топтолбой, конокко барбай, өз үй-бүлөсүнүн кашында гана майрамдоого чакырып жатышат. Коронавирустун жаңы мутацияланган түрлөрү да кооптонуу жаратууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы Кошмо Штаттардын элчилигине коюлган чабуулдан кийин Иранга эскертүү берди. Бир нече күн мурда Ирандан колдоо тапкан козголоңчулар АКШ элчилиги жайгашкан Багдаддын катуу кайтарылган аймагын аткылашканы кабарланган.
Британияда коронавирустун жаңы жугуштуу түрү чыкканына байланыштуу чек араларды жаап, авиакаттамдарды токтотуунун кажети жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо уюму билдирди.
Европанын бир катар мамлекеттеринде сатылган медициналык беткаптар жана коронавирустан коргоочу каражаттар Кытайдагы уйгурлар тарабынан жасалганын OCCRP жана анын өнөктөштөрү иликтеп чыгышты.
Кошмо Штаттар НАТО боюнча өнөктөшү Түркияга анын Орусиядан S-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алганы үчүн санкция салды. Анкара Вашингтондун бул кадамын олуттуу катачылык деп баалады.
Германияда коронавирус илдетинин «экинчи толкуну» күч алганына байланыштуу карантин чаралары күчөтүлдү.
Вакцина өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орунда турган Индия коронавирус пандемиясын ооздуктоо боюнча глобалдык күрөшкө киришүүгө даярданууда.
Соңку маалда кыргыз тилдүү социалдык тармактарды каптаган фейк, тролль жана боттор деген эмне, алар кантип иштешет? “Троллдор фабрикасы” жаадырган жалган маалымат менен бирөөнү каралоонун артында ким турат?
"Азыркы кыргызстандык" подкастынын алгачкы каарманы алып баруучу Урмат Борченов.
Америкалык Moderna биотехнологиялык компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы 94,5 пайыз натыйжалуу экенин көрсөттү. Бул тууралуу сыноонун алдын-ала жыйынтыктарына таянып, компания жетекчилиги 16-ноябрда жарыялады.
Коронавирустун айынан Москва шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Соңку бир күндө Москвада коронавирус алты миңдей кишиден табылган.
Азербайжандын президенти Шуша шаары алынганын жарыялады, Ереван ырастаган жок.
Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды.
Тоолуу Карабакта атышуу токтобой, 6-ноябрга караган түнү үч жай тургун каза болгону кабарланды. АКШда бир күндө вирус 123 миң 85 кишиде аныкталды. Орусияда эмгек мигранттарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 25%га азайды.
Казакстанда активист аялдар бийликтин саясий куугунтугуна каршы чыгып, чачын кырып салышты. АКШда президенттик шайлоо өтүүдө. Австриянын полициясы Венада жөн-жай тургундарга ок аткандарды издеп жатат.
Кыш жакындаган сайын дүйнөдө коронавируска кабылгандар көбөйүүдө. Украинанын саламаттык сактоо министри абал оор экенин жана мындан да начарлашы мүмкүн экенин эскертти. Ал эми Францияда ар 30 секундада бир адам коронавирус жуктуруп жатканы маалым болду.
Дагы жүктөңүз