"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Ооган өкмөтү «Талибандын» туткундагы соңку жоочуларын бошото баштады. Камактагы туткундарды чыгаруу Кабул менен бул уюмдун бетме-бет сүйлөшүүлөрүн баштоонун негизги шарты болчу.
АКШ коронавируска каршы вакцина даярдап жаткан "Moderna" компаниясы менен келишим түздү.
Армян премьер-министри Никол Пашинян Александр Лукашенкону президенттик кызматка кайра шайланышы менен озунуп куттуктаганы үчүн өз өлкөсүндө сынга кабылды.
АКШда Демократиялык партиядан президенттикке талапкер болчу Жо Байден вице-президенттикке Камала Харристи тандады.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор үчүнчү түн катары менен нааразылык акцияларына чыгышты.
Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 20 миллион адамдан ашты. Дээрлик беш айга аяк баскан пандемия маалында 736 миңден ашуун бейтап көз жумду.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембидеги президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап, анда Александр Лукашенко ишенимдүү жеңгенин жарыялады.
Орусияда тыңчы катары соттолгон америкалык жаран Пол Уилан Мордовиядагы түзөтүүчү колонияга которулду.
Беларуста кезектеги президенттик шайлоого бир аптадан азыраак убакыт калды.
«Майкрософт» компаниясы «ТикТок» («TikTok») социалдык түйүнүн сатып алуу тууралуу сүйлөшөрүн билдирди.
Кошмо Штаттарында коронавирустан көз жумгандардын саны 150 миңге чукулдады.
АКШ Сенатында республикачылар коронавирус пандемиясынын кесепетин азайтыш үчүн бир триллион долларлык долбоор сунуш кылышты.
Кытайда бир күндө коронавирус жуккан 61 учур катталды жана бул апрель айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Орусиянын Москва шаарында аптанын аягында азери-армян жарандарынын бир катар калайман кагылыштары орун алды.
Дүйнө жүзүндө COVID-19 жугузуп алгандардын жана вирустун курмандыктарынын саны барган сайын көбөйүүдө.
Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы атышуунун үчүнчү күнүндө, 14-июлда 11 адам набыт болду.
Азери-армян чек арасында адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдан улам эл аралык коомчулук тараптарды курчуган абалды сүйлөшүп жөнгө салууга чакырып жатат.
Косовонун президенти Хашим Тачи 13-июлда Гаагада эл аралык аскер прокуратурасына көрсөтмө берет.
АКШнын инфекциялык оорулар боюнча башкы дарыгери Кошмо Штаттары коронавируска каршы күрөштүн эң оор баскычына жеткенин билдирди.
"Коммерсантъ" басылмасы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы журналист Иван Сафроновго кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарды Тышкы чалгын кызматынан алганын жазды.
Дагы жүктөңүз