"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Кыргызстанда жыл башынан бери 45 аял төрөттөн каза болду. Коомчулук муну дарыгерлердин шалаакылыгы катары сыпатташууда. Ал арада бул абалга тынчсызданып, эл аралык уюмдар да коңгуроо кага баштады.
Бишкекте соңку кездери мекеме-ишканаларга телефон чалып, имаратка бомба коюлганы тууралуу жалган кабар тараткандар көбөйдү.
Бир топ убакыт Түркияда иштеп, жакында эле Кыргызстанга кайтып келген сүрөтчү жана актер Уланбек Cултангазиев дүйнөдө болуп жаткан алааматтардын кесепетин боёк менен ак кагазга түшүрүп, сүрөттөр топтомун даярдоого бел байлады.
Хамид Турсунов англис тилин үйрөнүүгө багытталган Welcome to English китебин жазып бүтүрдү. Аны басмадан чыгарууга каражат маселеси тартыш болуп турат.
Ажылык сапар үчүн Кыргызстанга алгач 3685 квота бөлүнгөн. Кыргыз тараптын кошумча орун берүү өтүнүчүнөн кийин Сауд Арабия дагы 500 квота берди.
Бишкектин тургуну Нестан Бектурсунова кош бойлуу экенине карабай опер-кызматкерлердин ур-тепкисине кабылганын айтып, коомчулукка кайрылды. Бала бойдон түшүп калуу коркунучу жаралгандыктан азыр төрөтканада дарыланууда.
Секелек кезинен жакын туугандарынын зомбулугуна кабылган Мухабаттын тагдырын бойго жеткен кызы кайталоодо. Сүлүктүлүк 41 жаштагы аял ушундай билдирүү менен чыгып, коомчулуктан жардам сурады.
“Азыркы кыргызстандык” түрмөгүнүн кезектеги каарманы - белгилүү ойлоп табуучу Стив Жобс менен катарлаш болууга умтулган аравандык мекендешибиз Икбол Исаков.
Эгемендиктин 24 жылдыгына карата этностор аралык ымаланы бекемдөө максатында жазылган “Ой гүлбагы” аттуу китеп жарык көргөнү турат. Анда негизинен кыргыздар менен өзбектер ортосундагы достукту чыңдоого арналган баяндар камтылган.
Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында 20-21 жаштагы балдар арасында чыккан калайман мушташтан улам алты киши ооруканага түштү. Айрымдары бычактан, кээ бирлери ур-токмоктон жабыркаган.
Жалал-Абад шаар бийлиги калаа аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жеке адамдарга сатууга 2016-жылдын соңуна чейин тыюу салды. Мындай чечим 29-июнда шаардык кеңештин сессиясында кабыл алынды.
Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тараганга чейин спайсты коркунучтуу заттар тизмесине кошуп, аны колдонууга каршы мыйзам кабыл алганы жатат.
Таласта милиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылып, саламаттыгы начарлаган Автандил Тынышов акыйкаттык издеп, укук коргоочуларга кайрылды.
Кыргызстанда элеттик аялдарга ишкерликти үйрөтүп, миграция агымын жана экономикалык көз карандысыздыкты азайтса болот. Аялдар менен иштешип келаткан адистердин пикири ушундай.
Жалал-Абад, Наманган, Ош, Анжиян, Баткен, Фергана... Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган бул аймактардан эки өлкөгө келин болгон миңдеген аял бир топ жылдан бери төркүнүнө каттай албай, кусалык менен күн кечирип келет.
Кыргызстанда ыйык Орозо айы 18-июнда башталат.
Кыргызстандыктар бүгүн 2010-жылкы кандуу июнь калабасын эскерип, маркумдарга куран окуп жатышат. Беш жыл мурда болгон улут аралык бул жаңжал жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген адамдарды жер которууга аргасыз кылды. Далайлары калабада дарексиз жоголгон жакынын таба албай ушул күнгө чейин беймаза. Беш жыл мурдагы бул окуяны “Азаттыктын” кабарчылары дагы эскеришип, айрым өңүттөрүнө кайрылышты.
Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен миграциянын терс кесепеттерин азайтуу долбоору жыйынтыкталды. Бир жыл аралыгында эки миңге чамалуу аял ишкердик сырларын үйрөндү.
Жалал-Абад облустук коомдук-саясий “Акыйкат” гезитинин жамааты басылма жайгашкан имараттын КТРКнын карамагына өткөрүлүшүнө нааразы болуп, президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду.
Түрк тилдүү элдердин журналисттеринин экинчи съезди өткөн жумада Татарстандын борбору Казань шаарында жыйынтыкталды. Дээрлик бир аптага созулган жыйынга 22 мамлекеттен 100 чамалуу журналист келди.
Дагы жүктөңүз