Тажикстанда көчөдө катуу сабалган кыздын жигитине каршы арыз жазуудан баш тартканы сынга кабылды.
Тажикстанда "Гардуна" компаниясынын үч жетекчиси камакка алынды. Алар 200дөн ашык кишини Чехияда жакшы ишке орноштурууга убада берип, акча чогулткан бойдон алдап кеткен деп айыпталууда.
Кытайдын бийлиги бир нече мамлекеттин БУУда иштеген өкүлдөрүнө Шинжаңдагы «саясий тарбия берүү» лагерлерин көрсөтүп чыкты. Алардын айрымдары аймакта абал жакшы экенин айтып, Кытайдын саясатын колдоп чыгышты.
Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында кайрадан нааразылык чыкты. Шаардын ондогон жашоочулары бир нече күн бою көчөгө чыгып, ишке орноштурууну, айлык акыны көтөрүүнү талап кылышты.
Тажик бийлиги Сирия менен Ирактагы аялдар менен балдарды кайтара турганын жарыялады.
Тажикстанда эрте жана мажбурланган нике үй-бүлөдөгү уруш-талашка, ажырашууга, аялдардын өз жанын кыйышына жеткирип жатканын иликтөөлөр көрсөттү.
Латвияда эки орус тилдүү коомдук маалымат каражаты бирдей жабылганы турат. Өкмөт Латвия радиосу менен LSM порталынын орус тилдүү редакциясын быйылкы жылдын бюджетине киргизген жок.
Казакстанда кайрылмандар менен иштеген "Ата Журт ыктыярчылары" уюмунун жетекчиси Серикжан Билаш соттун чечими менен айып пулга жыгылды.
Казакстандын бир нече аймагында жүздөгөн аял өткөн аптада Астанада жашоо шартын жакшыртууну талап кылган көп балалуу энелердин катарына кошулду.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана эл аралык коомчулукка кайрылып, өзүн Кытайга кайтарбоону өтүнгөн шинжаңдык казак Галымбек Шагыман Таиландда экени кабарланууда.
Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстердин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Ага ылайык, мыйзамдарда "кылмыш ишин козгоо" деген түшүнүк жоюлуп, материалдар бирдиктүү реестрге катталган учурдан тартып тергөө жана сотко чейинки өндүрүш башталат.
Бишкек шаардык криминалдык милиция кызматкери жана мурдагы ички иштер органында иштеп кеткен эки адам пара менен кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча мурдагы эки жетекчиге козголгон иштер тергелип бүттү.
9-январда Ленин райондук сотунан маркум Эгизбаевдин дарегине чакыруу келди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктады.
Кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келишти.
Данияр Абдыкаров эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук дирекциясын жетектей баштады.
Бишкек шаардык соту анын кызмат орду боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Сот Аскарбек Шадиевди он жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарды.
Кыргызстандын Белгиядагы мурдагы консулу Ануар Абдрахманов элчиликте мыйзам бузуу фактылары бар экенин айтып, аларды иликтөөнү өтүнүп жатат.
Дагы жүктөңүз