"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
6-февралда Нарын облустук администрациянын алдына жүздөй киши чогулуп, электр энергияга баанын кымбат болуп жатканына нааразылык билдиришти.
Менчик мектептерди салыктан бошотуу жөнүндө мыйзам жеке мектептердеги окуу акысын арзандата алабы?
Нарын шаарында союз мезгилинен калган өндүрүштүк беш ири обьект бар. Убагында кызыкдар тараптардын кызыкчылыгына кызмат кылып, менчиктештирилип кеткен бул жайлар бүгүн мамлекетке да, элге де, жеке ишкерлерге да кызмат кылууга кудурети жок, таландыда калды
Ушул тапта Нарын облусунун айрым жерлеринде сууктун күчү -40 градуска жетип атат. Кыш чилдеси күчүндө турганда электр энергиясы менен үйүн жылыткандар жарык акысы бир айда тапкан акчасынан ашып жатканын айтышууда.
Нарын районунун Кеңеш айылында хоккей ышкыбоздордун саны күн санап өсүп жатат. Айылдын жашынан карысына чейин сергек жашоого үндөп, хоккейге шыктандырган жергиликтүү хоккей сүйүүчүсү - Зарылбек Абдыкаев.
Кыргызстанда саламаттыкка алдын ала кам көрүү маданияты калыптанганбы?
Ушул тапта Ат-Башы районунда көмүр тартыш. Жергиликтүүлөр болсо кенден көмүр тарткан КамАЗдарды күн санап күтүп отурушат. Райондун аймагындагы он эки көмүр кампасындагы отун эрте түгөнүп, жергиликтүү бийликтин көмүр алып келген жеке менчик автоунааларга күнү түшүп турган чагы.
Нарын шаарында жайгашкан чек ара кызматынына тийиштүү көп кабаттуу үйлөр кыш келгенден бери жарытылуу жылыбай жатат. Кыштын чилдесинде муздак үйдө күн кечирип жаткандар суук тийип ооруканага жатып чыгышкан. Эки жылдан бери Нарын шаарынын борборлоштурулган жылуулук системасы кошулган бул батирлер кы
Беткапчан адамдар почта күзөтчүсүнүн колу-бутун байлап акчаны алып кетишкен.
Нарында үстү жабылган хоккей аянтчасы ачылды. Эл аралык стандартка жооп берет деген бул спорт комплексин нарындык жеке ишкер өз каражатына - 600 миң долларга курган. Мындай жайдын ачылышына тоолуктар жетине албай сүйүнүп турушат.
Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин 10-классынын беш окуучусу мушташып, эки өспүрүм бычак жеп, бири ошол жерден каза тапса, экинчиси оор абалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Ушул тапта Нарында сууктун күчү -40 градуска чейин жетип атат. Кыш чилде каарын төгүп турганда жумуштап сыртта жүргөн тоолуктардын арасында колу-бутун суукка алдыргандар көп катталууда. Окуучулардын кышкы каникулунун узарышы да ушул суукка байланыштуу болду. Анткени мектепке жеткиче тестиерлердин
Кочкор районунда 10-класстын беш окуучусу мушташа кетип, экөө бычак жеген.
Быйылкы калың кар Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосундагы 50дөн ашык үй-бүлөнү байланышсыз калтырды. Кыштоого кеткен жол жабылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолду тазалоо ишин 6-январдан тарта жүргүзүп жатат. Ай-Сайда тоютсуз калган жалпы 40 миңден ашык мал жандыктын жарымын жол ачылса эле жакаг
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 20 жаштагы тургуну Нуржигит Иманкулов өз үйүнүн короосуна муз тоңдуруп, жылгаяк жасады. Ага 150 коньки алып келип, айылдын элине ижарага берип кызмат көрсөтө баштады. Бул ишти акталаалыктар өзгөчө жаңылык катары кабылдап Нуржигитти алкап жаткан учуру.
Нарында он күндөн бери көмүр сатылбай жатат. Бул аралыкта күн сайын мүшөктөп көмүр алгандар отунсуз калышты. Буга чейин өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов "облус кышка толугу менен даяр, көмүр тартыштыгы болбойт" деп эл алдында бир канча жолу убада берип келген.
Ак-Сайга жааган калың кардан улам 40 миң баш мал тоютсуз калды.
Нарында он күндөн бери көмүр сатылбай жатат. Бул аралыкта күн сайын мүшөктөп көмүр алгандар отунсуз калышты.
Кардын калың жаашы нарындыктар үчүн өзгөчө майрам болду. Анткени шаардын четинде жайгашкан, бугильдик аркан жолу ишке кирип, жергиликтүүлөрдү тейлей баштады. Кышкы спорттун түрлөрү болгон лыжа, чана тебүү үчүн бул жерге чет элдик туристтер келбесе да облустун ар бурчунан атайын келген эс алуучулар ү
Нарын шаарынын тургуну Адилет Кутбидин уулу бул жылы кардан жети айкел жасады. Анын арасында манасчы Саякбай Каралаевдин да келбети бар. Адилет бул өнөрүн беш жыл мурда баштаган. 2015-жылы кой жылында кулжанын, 2016-жылы маймылдын айкелин кардан тоңдуруп Нарын шаарынын борбордук аянтына койгон.
Дагы жүктөңүз