"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Памирлик кыргыздарды Нарында өзгөчө шаң, өнөрпоздордун ыр-күүлөрү менен тосуп алышты. Беш жүздөй кишинин катышуусундагы өткөн салтанат ооган кыргыздарын кубанычка бөлөдү. Ушул эле күнү журтташтарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн журтташтарды облустук ооруканага жайгаштырышты.
Ооганстандан алып келинген памирлик кыргыздар 13-октябрда Нарынга жеткирилди.
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Дөөлөтбек Бешкүрөңов айылдагы музыкалык мектепте мугалим болуп иштегенине 40 жылга чалмалап калды. Анын көзү азиз болсо да балдарга сабак берип, компьютерде иштеп, бир кездеги группалаштары менен скайп аркылуу сүйлөшүп турат. Жашоонун сыноосуна сынбай теске
Жергиликтүү бийлик болсо колдогу айыл чарба техникалардын эскилиги жетип, оруп жыйноодо кыйынчылык болуп жатканын билдирүүдө.
Нарын мамлекеттик университети менен Борбор Азия университетинин студенттери биргелешип "ыр кесе" өткөрүштү. Бул маданий иш-чара тоолуу аймакка келип, окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн ынтымагын бекемдөө максатын көздөдү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Максат Шырдаков кадимки “Жигули" машинесинин тетиктеринен картошка каза турган кичи трактор жасады. Учурда элдин баары анын трактору менен картошкасын казып жатат.
Кышы узак, жайы кыска Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын дыйканы Кенжетай Үркүнчиев айдаган дарбызынын түшүмүн алды. Беш жылдан бери дыйканчылык кылган Үркүнчиевдин бакчасында дарбыздан тышкары кулпунай, помидор, бадыраң сыяктуу Ат-Башы өрөөнүндө өспөй турган өсүмдүктөрдүн түрү айдалган.
"Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы "Талапкерлердин кандай максат, милдети сизде ишенимди пайда кылды?" деген суроо берип, жооп алды.
Эки колу төрөлгөн күнүнөн тарта тубаса өспөй калган Бейшебай учурда ырчы болсом деп тилеп, үнүн таптап жаткан учуру.
ГЭС куруу үчүн бийликтин бир эмес эки жолку аракети ишке ашпаганын көргөн айрым тургундар ГЭСтен үмүттөрүн үзүп, жерди кайра элге кайтарып бериши керек деген ойлорун айтышууда.
Уюштуруучулардын айтымында бул фестивалды шаарга турист тартуу максатында биринчи ирээт өткөрүлүп жатат. Фестивалда кыргыздын каада салт, үрп адаттары көрсөтүлүп, туристтерди кызыктыруу үчүн аракеттер жасалды.
Окуу жылы башталганда чочулаган ата-энелер эми балдарын тобокелге салып окууга жиберип жатышат.
Адистер мындан туура 47 жыл мурун курулган Ат-Башы ГЭСи тезинен реконструкцияланбаса иштен чыгышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышат.
Ат-Башы районунун дарыгерлери баланы эмчек сүтү менен гана чоңойтуу керек деген сөздөр жазылган чакырыктарды көтөрүп алышып, район борборунда жөө жүрүш жасашты. Мындан тышкары "Бактылуу эне-бала" аттуу акция уюштурушту.
Археологдор Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынан жер астындагы күмбөздү табышты. Алар күмбөздү Махмуд Кашгаринин дүйнө картасында көрсөтүлгөн Кочкор-Башы шаарынын бегиники деп санашууда.
Ат-Башы районунун Ак-Сай жайлоосундагы малчылар медициналык кароодон өтүп жатат. Жаратылышы катаал бул аймакка ушул айдын башында Саламаттыкты сактоо министрлигин демилгеси менен Кыргызстандын жана Швецариянын дарыгерлери малчылардын ден соолугун текшеришүү үчүн келген.
Нарындагы Турук көмүр кени быйыл да элди көмүр менен камсыз кыла албай калышы ыктымал. Анткени учурда бул кенде көмүр казуу иштери баштала элек. Облус элинин отуз пайызын көмүр менен камсыз кылган Турук кени эң эле аз дегенде 20 миң тонна көмүр өндүрүшү керек. Кен азыркыдай ыргакта иштесе Нарында бы
Жергиликтүү жаштар кыштакта спирт ичимдиктерин саттырбоо максатында ушундай кадамга барышты.
Ат Башы районунун Чар өрөөнүнө быйыл атайын мектеп окуучулары үчүн жайкы лагерь ачылды. Тоо боорундагы бул жайды жеке ишкер Исабек Абдыгазиев уюштурган. Учурда бул жерде жыйырмадан ашык окуучу эс алып жатышат.Алар күнү кечке ойношуп жаратылышка саякат жасашат.
Жерүйдүн эсебинен курулмак болгон жүз мектептин ичине кирген Нарын районундагы Эчки-Башы айылындагы орто мектептин курулушу бул жылы да бүтүшү күмөн. Аталган мектептин жаңы имараты өткөн жылдын декабрь айында колдонууга берилиши керек болчу. Бирок курулуштун көбү бүтүп, азы калганда каржылоо токтоп,
Дагы жүктөңүз