"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Долбоорго ылайык акы алуу пилоттук аймак катары Кочкор-Кубакы жолунан башталат.
Жумгалдык Жамила Тойчубекова комбайн айдап, эгин чаап, элдин алкышына татып жаткан учуру. Жашы алтымыштан ашса да эр жигиттер менен тең тайлаша техника башкарган аялды жердештери бүгүнкүнүн Керимбүбү Шопоковасы дешет.
Миң-Куш айылында жети көмүр өндүрүүчү жеке компания иштеп жатат.
Нарындын Кочкор районунун тургуну Мирбек Асанбаев айылына окуу борбор ачты. Ал жерде балдар англис, кытай, орус тилдерин тереңдетип үйрөнүп, менталдык арифметиканы өздөштүрөт. Мындай демилге айыл жергесинде өзгөчө жаңылык катары кабылданып, балдарынын келечегине инвестиция кылган ата-энелердин катар
Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттары президентке жиберген кайрылуусунун жообу үч айдан бери келбей жатканына кабатыр.
“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюму миңкуштук аялдарга бизнес-долбоор даярдоону үйрөтүп жатат. 20-октябрда башталган иш-чара аялдардын тең укуктуулугун колдоо максатында уюштурулган.
Нарындык дыйкандардын жай бою төккөн тери акталган жок. "Күз келсе түшүм жыйнап пайда көрөбүз" деген дыйкандар учурда картөшкөсүн текейден арзан баага сатууда. Айрым айылдарда картөшкөнүн баасы таптакыр чыкпай калды. Жыл сайын айылдарды кыдырып картөшкө сатып алган КАМАЗдын карааны быйыл көрүнбөйт.
Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстандын Ташкент шаарына жөнөп кетишти. Союз тараганы олку-солку иштеп калган бул аймактык театр ушул жылдан баштап чет жакка гастролдорго чыга баштады.
Нарында ушул жылы төрөттөн сегиз аял каза тапты. Жергиликтүүлөр муну дарыгерлердин шалаакы мамилесинен көрсө, дарыгерлер кош бойлуу аялдар ден соолугуна кайдыгер экенин айтышат.
Адистер жашы жете элек балдардын кылмышка аралашуусуна миграция, жакыр турмуш сыяктуу бир нече себептер түрткү болоорун белгилеп жатышат.
1998-жылы 70 жылдыгын белгилеген Нарын шаары азыр 150 жылдык мааракесин майрамдап жатат. Эмнеге мындай болуп кетти деп сураган деле киши көрүнбөйт.
Ташкенттин Юнусобод районундагы "Омина" мечитинин имамы президент Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасагандан кийин бир күндөн соң кызматтан бошотулду.
Быйыл жыл башында Казакстандын Актөбө облусунда 52 кишинин өмүрүн алган автобустагы өрт боюнча сот уланып жатат. 3-сентябрда башталган сотто кырсыктан каза болгондордун жакындары суралууда. Ал эми айыпталуучулардын адвокаттары кырсыктан аман калган автобустун башка жүргүнчүлөрүн да сотко чакырууну талап кылып жатышат.
Тажикстандын түштүгүндө имамдар Лениндин эстелигин калыбына келтиришти.
Казакстанда сот бир кишини химиялык кастрация кылууга уруксат берди. Казакстан химиялык бычууну жыл башында мыйзамдаштырып, бюджеттен 2000 инъекцияга жете турган акча бөлгөн.
Казакстандын мектептеринде жоолук маселеси кайра көтөрүлдү. Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолук салынып келген окуучулар сабакка киргизилген жок.
Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети Пенжикент шаарындагы мечиттердин биринин имамын мамлекеттик гимнди жатка билбегени үчүн кызматтан кетирди. Буга окшоп аттестациядан кийин иштен бошотулган имамдар динге гимн же кайсы бир мамлекеттин символунун тиешеси жок экенин айтышууда. Тажикстандагы төрт миңге жакын имам мамлекеттик бюджеттен ар бири 100 долларга жакын айлык алат.
Ушул аптанын башында Өзбекстандагы бардык улуттук телерадиокомпаниялардын редакторлоруна Өзбекстанды 27 жыл бою башкарган маркум президент Ислам Каримовдун атын эскерүүгө тыюу салынды. Буга чейин анын сүрөтү түшүрүлгөн сувенирлерди саткандарга тымызын тыюу салынган эле.
Абактан чыккан тажикстандык белгилүү журналист Хайрулло Мирсаидов өзүн толук акташ үчүн жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди. 22-августта Согди облусунун соту коррупцияга байланыштуу айыпталган журналистти 12 жылдык түрмөгө кескен өкүмдү жокко чыгарып, анын ордуна журналистти коомдук ишке тартууну жана ага 8,5 миң доллар өлчөмүндөгү айыппул салууну чечкен. Натыйжада Мирсаидов сот залынан бошотулган.
Тажикстан өз аймагы аркылуу Кытайга газ ташыган куур тартыш үчүн 9,5 миң гектар жерин 49 жылга ижарага берди. Бул жер тилкесине Түркмөнстан-Кытай эл аралык газ кууру салынат. Долбоор келечекте Тажикстандын экономикасына жыл сайын миллиондогон доллар пайда алып келет.
Дагы жүктөңүз