"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан келген спорчулар Ысык-Көлдү сүзүп өтүштү. 22 спортчу 14 чакырым аралыктагы көлдүн тескей тарабынан күңгөй жээгине 5 саат дегенде жетти. Алардын арасында мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаттары да болду.
Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылындагы минералдык суу талашка түштү. Кыргызстандын өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинен уруксат алган жеке үч тарап сууну бөлүшө албай убара.
Ысык-Көл облусунун Тосор айылында “Алтын кум-2019” фестивалы өттү. Ысык-Көлдүн тескей жээгинде экотуризмди өнүктүрүүгө, туристтерди тейлөө маданиятын жакшыртууга, жергиликтүү калктын социалдык абалын оңдоого көмөк көрсөтүүнү көздөгөн бул фестиваль Тосор айылында үчүнчү жолу өтүп жатат.
Бирок, алармандарды да, сатармандарды да баанын туруксуздугу тынчсыздандырууда. Мунун себебин ишкерлер ири соода базарларда суроо-талаптын азайышы, Евразия экономикалык биримдиктин тутумунда чек аралардагы узак текшерүүлөрдөн улам жемиштин сапатынын төмөндөп кетиши менен түшүндүрүп жатышат.
Расмий маалымат боюнча, Ысык-Көл облусуна өткөн жылы 1 миллион 20 миң киши келген. Быйыл аптапта көл жээги жергиликтүү эс алуучуларга толсо, Көк-Жайык, Каркыра жана Кырчын жайлоолору чет элдик меймандарды тосуп жатат. Айрыкча Кырчын этно-шаарчасы арабдардын эс алуу жайына айланды.