"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Жогорку Кеңеш кош жарандыгы бар адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношууга чек койгон мыйзамды 3-окууда жактырды.
Орусияда соңку күндөрдө рублдин арзандашы, баалардын өсүшү мигранттарга таасирин тийгизе баштады. Москвадагы Мигранттардын федерациясы жаңы жылдан кийин чет жактан иш издеп келгендердин 25% өз мекенине кайтарын болжолдоодо.
Ушул тапта Түркияда 5 миңден ашуун кыргызстандык окуп, иштеп жүрөт. Алардын көбү кызмат көрсөтүү, соода тармагында иштешет.
Кыргыз өкмөтү “Манас” банк боюнча эл аралык соттун чечимин аткарат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин өткөн аптада Латвияга жасаган сапары учурунда сөз болгон.
УКМК чек арадан мыйзамсыз өткөн Ооганстандын үч жараны кармалганын кабарлады. Алардын бири Улуттар уюмунун качкын мандатын алганы белгилүү болду.
Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы катары таанымал, издөөдө жүргөн Алмамбет Анапияевдин Бириккен Араб Эмираттарында кармалганын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ички иштер министрлиги бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Бүгүн бүткүл дүйнөдө Адам укуктарынын күнү белгиленүүдө. Жарандардын укуктарын коргоо жаатында Кыргызстанда бир катар аракеттер көрүлгөнү менен кыйноолорго каршы күрөш чабал жүрүп жатканы сынга алынууда.
Өкмөт энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн чакан ГЭСтерди иштетүү жаатында Германия тажрыйбасын кароодо.
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги 1-январдан тарта ички паспорт менен Орусияга кирүүгө болбой турганын эскертүүдө.
Мамлекеттик кызматкерлер 3-декабрда биринчи жолу кыргыз тилден сынак тапшырышты.
Аксы акими Медетбек Айдаралиевдин окуучу күндөлүгүнүн биринчи бетине өз сүрөтүн чаптап сатканы жергиликтүү тургандардын сынына кабылды.
Акыйкатчы институту жарандардан келип түшкөн миңдеген арыз-даттануулардын негизинде атайын иликтөө жүргүздү.
Ишкер Асел Темиралиева-Майер жакында Берлинде өткөн эл аралык “Базар” жармаңкесине кол өнөрчү айымдарды уюштуруп алып келген. Ал өзү 20 жылга жакын убактан бери Германияда жашайт. Асел айым “Азаттыкка” маек куруп, өзү жана немистердин өзгөчөлүгү, үй-бүлө куруу, бала тарбиялоо темасында ой бөлүштү.
Мындан туура бир жыл мурда, 21-ноябрда Евробиримдик менен ассоциацияны жактагандардын акциясы Киевдеги Майданда башталган.
Соңку учурда Өзбекстанда сексуалдык кызмат көрсөткөн кыз-келиндерди өз алдынча жазалаган видеолор социалдык тармактарда байма-бай жарыяланууда.
Берлинде эл аралык "Базар" көргөзмө-жармаңкеси аяктады. Акыркы элүү жылдан бери жарманке Import Shop Berlin деген аталышта өтүп келет.
Украина Евромайданда тутанган окуянын бир жылдыгын белгилөө алдында турат. Кагылышта жакын адамын, таанышын жоготкондор үчүн бул - эң оор жана караңгы күн болуп калды.
Хакерлер тобу Украинадагы жаңжалды чагылдырган жана Орусиянын саясатына каршы көз карашты карманган журналисттердин тек-жайын интернетке жарыя кыларын билдиришүүдө.
Тажикстандын Согди облусунун 12 жараны жергиликтүү тургундарды Сирияга үгүттөгөн деген шек менен кармалды. Алар террористтик жана экстремисттик делген "Жамаат Ансоруллох” уюмуна тиешеси бар деп айыпталып жатат.
Дагы жүктөңүз