"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Бүгүн 1- июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнү Бишкекте майып балдардын жеңил атлетика, майыптык араба менен жарышуу, футбол жана атайын дзю-до боюнча мелдештери өткөрүлөт. Май айынын акырында Бухарада өткөн атайын оюндарда кыргызстандык майып спортчулар 3 алтын, 2 күмүш, 3 коло байге утуп келишкен.
Бүгүн 31- майда Швейцариянын Цюрик шаарында Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) 57-Конгресси башталды. Ага Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев баштаган делегация да катышууда. Ал эми Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган турнир Пакистанда май айынын аягында болмок, бирок бул өлкөдөгү саясый кырдаалга байланыштуу башка мамлекетте, кийинки белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Эгемендүү өлкөнүн аскер күчтөрү он беш жылда калыптанганы менен кийинки эки жылда гана реформа боло баштаган. Мына ушундай пикирди мамлекет башчы Курманбек Бакиев Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн мекен сакчыларынын 15 жылдык мараакесине арналган салтанаттуу жыйында белгиледи. Салтанатта айрым аскер кызматкерлерине өкмөттүк жана коргоо министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.
Парламенттин билим берүү боюнча комитети 28-майда УТРКнын Байкоочулар кеңешине мүчөлүккө сунушталгандардын талапкерлигин карады. Сунуш кылынган 44 кишинин он сегизи жактырылып, алардын талапкерлиги сессияга сунушталмак болду. 14-майда конкурска документтерди кабыл алуу аяктаган.
25-майда Кыргызстандын 2 миңден ашуун орто мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү. Мектеп уясынан учуп чыккан темир канат жаштар үчүн мындан ары билим алууну улантууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Адистердин айтымында, өлкө инженердик-техникалык кесиптин ээлерине, информатика жана чет тилдер мугалимдерине муктаж.
Былтыр 23- майда «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агайыбыз 86 жашка курагында узакка созулган оорудан кийин Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан эле. Ал «Азаттык» үналгысынын башатында турган жана бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.
Спартакиада - спорттун көп түрү боюнча өткөрүлүүчү массалуу жана комплекстүү мелдештер. Биздин заманга чейинки байыркы Римдеги кулдардын көтөрүлүшүнүн жетекчиси Спартактын урматына аталган. Мурдакы СССРде биринчи Спартакиада 1923-жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн. Бул күндөрү Бишкекте Кыргызстандын мектеп окуучуларынын Спартакиадасы өтүп жатат.
Бул күндөрү Жапон өлкөсүнүн Осака шаарында футзал боюнча Азиянын чемпионаты өтүп жатат. Кыргызстандын командасы Түштүк Корея менен Түркмөнстанды утуп, австралиялыктар менен тең чыгып, чейрек финалга чыккан. 17- майда чейрек финалда Кыргызстан менен Ливан өлкөлөрүнүн футболчулары беттешип, аларды утуп жарым финалга чыкты.
13-майда грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алтын медалын кыргызстандык Данияр Көбөнов жеңип, Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ошентип Бишкекте алты күн Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандык төрт балбан алтын медалдын ээси болушту.
Бүгүн 11-майда түшкө чейин Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз-келиндер арасында эркин күрөштөн 3 салмак категория боюнча таймашуулар улантылды. Мында кытайлык, монголдук жана жапондук балбан кыздар баш байге талапкер болушту. Бүгүн кечинде кыргызстандык Нурзада Шайлообаева менен Асел Иманалиева Азия чемпионатынын коло медалы үчүн мөрөй талашууга чыгышат.
Бүгүн 10- майда кыз- келиндер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатынын таймашуулары башталды. Бүгүн 4 салмак категориясы боюнча кыз- келиндердин таймашууларында казакстандык, кытайлык, монголдук жана жапондук балбан кыздар баш байгеге талапкер болушту. Кыргызстандык үч кыз коло байге үчүн күрөшкө чыгат.
9-майда Бишкектеги эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Ирандык жана Жапониялык балбандардын жылдызы жанып, Азия чемпиону болушту.
8-майда Бишкектеги эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан: Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков финалда жеңип, алтын медаль тагынып, Азиянын чемпиондору аталган. Бүгүн 9- майда Казакстан, Иран, Монголия жана Жапониядан келген балбандар баш байгеге талапкер болушту. Ошондой эле «Спартак» салтка айланган лейлек күрөшү да 33- ирет өткөрүлүп жатат.
Бишкекте башталган эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан: Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков финалда жеңип, алтын медаль тагынып, Азиянын чемпиондору аталды. Алар Кыргызстандын тарыхында алгач ирет эркин күрөшү боюнча Азиянын чемпиону болушту.
Бүгүн 8-майда Бишкекте Кыргызстандын тарыхында алгач ирет эркин жана грек - рим күрөшү боюнча Азиянын жыйырманчы чемпионаты башталды. Азия чемпионатынын ачылыш салтанатында өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэль Мартинеттиге «Данакер» орденин тапшырды.
Бишкекте Советтер Союзунун батыры, генерал Иван Панфиловдун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Кытай Эл республикасынын Тайан-Кытай шаарында 3-майда болгон оор атлетика боюнча Азия чемпионатында кыргыз жигити Руслан Капаев алтын медалды жеңип, чемпиондук наамды алып, жеңиш менен кайтып келди. Азиянын экс-чемпиону Улан Молдодосов бул ирет күмүш медаль тагынды.
1-Май эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүндө Бишкекте тынчтык жарыштарын өткөрүү салтка айланган. Мурдакы жылдары 1-Май күнү тынчтык жарыштары Алатоо аянтында өткөрүлүп келсе, быйылкы мелдештер Каражыгач эс алуу жайында болду.
8-майдан 13-майга чейин Бишкекте Кыргызстандын тарыхында алгач ирет эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты өткөрүлгөнү камылга көрүлүүдө. Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатын Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан менен Өзбекстан гана өткөргөн.
Түштүк Кореяда өтүп жаткан ыргыган бута атуу дүйнө чемпионатына катышууну шылтоолоп барып, ушул өлкөдө калып калган кыргызстандык 19 атуулдан бир аял миграция кызматына кармалып, калган он сегизи издөөдө жүрөт. Атажуртунан алыска аргасыз иш издеп барып, мыйзамсыз калып калган мекендештер миндеп саналат. Ушул Түштүк Кореяга барып, миграция кызматын дүрбөлөңгө салып жаткандарды кимдер жиберген, алар кандай максаттар менен барышкан?
Дагы жүктөңүз