"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
11-августта түп районунун “Маяк” айлында эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында V-спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды. Кечээ, 10-августта төрт салмакта тең бишкектик балбан кыздар жеңишке жетишсе, 11-августта үч салмак боюнча мөрөй талашуу болуп, мында да бишкектик кыздар айырмаланды. 51 кг жеңил салмактагы жеңүүчү бишкектик Дилара Осмонова болсо, 59 салмакта да бишкектик Нурзада Шайлообаева чемпион аталып, алтын медаль тагынды. Ал эми 67 кг салмактагы бишкектик Асель Иманалиева жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча командалык эсепте бишкектиктер биринчи орунду камсыз кылышты.
6-августтан 11-августка чейин Каракол шаарында Кыргызстандын 5-спартакиадалык оюндары спорттун 14 түрү боюнча өткөрүлөт. Буга Алатоонун 7 облусунун Ош жана Бишкек шаарынын 9 командасы катышат.
16-августта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага келе турган 6 мамлекеттин башчыларын тосуп алып, коштоп жүрүп, жолдогу алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 5 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштейт. Саммит учурунда Бишкекке шаарына айрым автоунаалардын киришине чек коюлат.
Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү саммитине карата Аларча мамлекеттик резиденцияда жыйындар залдары жана үч мейман үйү салынып бүтүп, ачылыш аземи өттү.
Башкы прокуратура Аксы окуясын кайра териштирип, ошол учурдагы беш жетекчиге айып такты. Буга чейин Жогорку сот аксылык жабырлануучулардын арызынын негизинде мурда чыгарган сот чечимин жокко чыгарган болчу.
Бишкекте жана Чолпонатада өткөн Кыргыз диаспораларынын VI эл аралык жыйынында АКШ, Түркия, Казакстан жана Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү кыргызстандык мигранттардын абалын, алардын укуктарын жана мыйзамдуу жүрүүсүнө жеңилдетилген шарттарды түзүү, экономикалык жеңилдиктерди берүү сыяктуу маселелерди талкуулашты. Кош жарандуулук маселеси- жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болду.
30-июлда «Демократ» укук коргоо уюмунун ондон ашуун өкүлү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына АКШ аскер базасын колдоп, акция уюштурушкан. Анын катышуучусу Алишер Исламовду коомдук тартипти бузду деп милиция камакка алган. Анын иши сотко өткөрүлгөнүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү саммитине катышуучу өлкө жетекчилерин тосуп алып, коштоп жүрүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн МАИ кызматы машыгууларды өткөрүп баштады. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги белек кылган 17 машинадан сырткары дагы ондогон атайын автоунаалар, беш миңдей кызматкер коопсуздукка көз салмакчы. Анткен менен саммит баштала электе жолдор тосулганына жергиликтүү айдоочулар нааразы болуп жатышат.
29-июнда кечинде Индонезиянын Жакарта шаарында футбол боюнча Азия кубогунун финалында Ирактын командасы Сауд Арабиянын командасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Кыргызстандык футбол күйөрмандары дагы ирактык футболчулардын жеңишин кубаттап, бул мекенин сүйүп, даңазалоонун үлгүсү дешүүдө. Кыргызстан дагы Азия аймагына футбол аркылуу таанылууга мүмкунчүлүгү барбы?
Опузалап акча алды деп айыпталган белгилүү кикбоксер, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Жанбулат Амантаев сот залынан качып кетти. Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү Т.Мажинов жана старшина Ж. Муканбетов, Ж.Амантаевди 26-июлда кечинде сотко алып келген. Ж.Амантаев аларга моюн бербей сот залынан качып чыккан. Учурда аны качырып жиберген тергөөчүнүн үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министрлиги бүгүн маалымдады. Кикбоксчу Ж.Амантаев “Ма-була” фирмасынын жетекчисин опузалап, 20 миң доллар талап кылып, анын 5 миң долларын алган жерден кармалган.
Кыргызстанда учурда 47 жогорку окуу жайы абитуренттерди кабыл алуу өнөктүгүн жүргүзүүдө. Бул өнөктүк тестирлөөнүн жыйынтыктары жана кошумча сынак аркылуу ишке ашып жатат. Адистер жалпы тестирлөө кабыл алууда коррупцияга бөгөт болду дешкени менен айрым окуу жайлар өз алдынча экзамен алып, паракорчулукка жол берилип жатат деген пикирлер да арбын.
МТРКнын “Кабар” маалымат редакциясынын мурдагы жетекчиси Калыбек Тайтекеевге мамлекеттик мүлктү ыйгарып алды деген айып тагылды. Анын негизинде жүрүп жаткан сот жараяны аяктоо алдында турат. Сот өкүмү шаршемби күнү угузулаары күтүлүүдө. Айыпталуучу коюлуп жаткан күнөөнү саясый заказ катары баалап жатат.
Кыргызстанда спорттук шаймандарды, жабдууларды чыгарган бир дагы ишкана, фабрика жок. Алыскы чет өлкөдөн алынып келинген жабдуулар сапаттуу болгону менен баасы кымбат. Ал эми базарда жайнап турган Кытай өндүрүшүнөн чыккан спорт шаймандар арзан болгону менен сапаты начар.
Бишкекке өкмөт жыйынына келгенде Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев милиция тарабынан кармалып, камакка алынды. Укук коргоо органдары областтык жетекчи ири суммадагы гуманитардык жардамды дос-тааныштарына таратып, мамлекетке бир жарым миллион сомдон ашуун зыян кылган деп айыпталып жатканын билдиришти. Камакка алынган жетекчинин жактоочулары Ош шаарында нааразылык акциясына чыгышып, эгерде Тезекбаев бошотулбаса Ош-Бишкек жолун тосоорун эскертишти.
Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү саммитине катышуучу өлкө жетекчилерин тосуп алып, коштоп жүрүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн МАИ кызматына АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 17 машина белек кылды. Милициянын техникалык жабдууларынын начардыгын жана жетишсиздигин, жол эрежелерин бузуп качып кеткендердин көп экендигин АКШ элчилиги эске алган.
Бүгүн Бишкекте “Комплекстүү коопсуздук жана туруктуу өнүгүү» маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык жыйын башталды. Конференцияда экологиялык, өнөр жай, техникалык жана маалымат коопсуздугуна коркунуч келтирчү өзгөчө жагдайлар бар экени белгиленди. Андай коркунучтарды алдын алуу үчүн мамлекет бүтүндөй комплекстүү чараларды ишке ашыруусу зарыл.
Адистердин айтымында Эл аралык “Манас” аэропорту Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтчү саммитинин катышуучуларын кабыл алууга даяр. Атайын расмий меймандарды кабыл алып, узатуу үчүн аэровокзал оңдолуп түздөлдү. Бирок аэропортто улуттук өзгөчөлүк, кыргыз мамлекетинин руху-духу сезилбейт, деген пикирлер да айтылууда.
Кыргызстанда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний уюмунун лидерлеринин бири Алишер Иминжанов Карасуу шаарында камакка алынып, иши тергөөгө берилди. Ага баш мыйзамга каршы үгүттөгөн баракчаларды тараткан деген айып тагылууда.
"Агым" гезитин Мелис Эшимканов сатпай эле досу Бегалы Наргозуевге убактылуу таштап кетип жатабы? “Агымга” премьер- министр Алмазбек Атамбаев кандай максат менен барды? Жаңы ээси гезиттин идеялык, чыгармачылык багыттарын өзгөртүшү мүмкүнбү? Бул “Агым” гезити мурдагыдай оппозициянын таламдарын талашкан маалымат каражаты боюнча калабы? Же бийликтин камчысын чаап, же болбосо бейтарап болуп кетеби? Мына ушул сыяктуу кабарчыбыз Кабыл Макештин суроолоруна “Агым” гезитин сатып алган “Эсен эйр” авиакомпаниясынын президенти Бегалы Наргозуев жооп берет.
15-июлда Бишкекте болгон Орусия жана Кыргызстандын Иички иштер министрликтеринин жетекчилери эки тараптуу кызматташуу тууралуу келишимдерге ылайык, ШКУнун саммитинде коопсуздукту биргелешип камсыз кылышмак болду. Орусиянын милиция адистери тажрыйбаларын бөлүшүп, атайын окуу-машыгууларды өткөрүшөт.
Дагы жүктөңүз