"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
2-декабрда Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди эскерүү эл аралык мелдеши жыйынтыкталды. Эл аралык таймашууда 10 өлкөнүн балбандары мөрөй талашты.
28–ноябрь күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында профессионалдык бокс боюнча Түндүк Американын чемпиону, кыргызстандык Алмазбек Раимкуловдун соту болуп, аны бүгүн 29- ноябрда бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Президенттин тапшыруусу менен сотко Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова, Алмазбектин ата-энеси жана адвокаты катышты. 7 – ноябрь күнү профессионалдык боксчу, кыргызстандык Алмазбек Раимкулов полиция тарабынан кармалып, камакка алынган.
Опузалап акча алды деп айыпталган белгилүү кикбоксер, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жанбулат Амантаев сот залынан качып кетип, кийин кайра кармалган. Аны кайра кармаган учурда милиция кызматкерлери ар-намысына шек келтирген сөздөрдү айтышып, опуза кылып сабап да жиберишкен. Ушул окуя иликтөөгө алынып 10 милиция кызматкерине кызмат абалынан ашкере пайдаланганы үчүн жаза алышты. Бул тууралуу ички иштер министрлиги маалымдады. Кикбоксчу Жанбулат Амантаев “Ма-була” фирмасынын жетекчисин опузалап, 20 миң доллар талап кылып, анын 5 миң долларын алган жерден кармалган.
Өткөн бейшемби күнү Ысыката районунун аймагынан Кант шаарына чукул Кыргызстан-Казакстан газ магистралдык түтүктөн өрт чыгып, бир суткага жакын күйгөн өрттү өчүрүү үчүн канча каражат сарпталганы такталууда. Бул кырсыктын айынан Кант цемент-шыйпыр комбинатынын, Техналин цемент заводунун ишинин жана Токмоктогу айнек заводунун иштерин убактылуу токтоого туура келип, алар дагы чыгашага кириптер болушкан. Өлкөдөгү газ түтүктөрүнүн ал- абалы начар, дагы кооптондурган аймактар арбын.
Ошентип 2008- жылы футбол боюнча Австрия-Швейцарияда өтүүчү Европа чемпионатынын финалдык оюндарына чыгуу үчүн 7 тайпадагы 50 өлкөнүн тандалма командаларынын беттешүүлөрү соңуна чыкты. Баш байге үчүн таймашуучу 16 команда иргелип алынды. Кыргызстандык футбол күйөрмандары дагы бул командаларга кызыгып, Европа чемпионатын чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
13-14- ноябрда Дели шаарында дүйнөлүк ынтымак, тынчтык, биримдикке чакырган Дүйнөлүк ыйык мунара имаратынын ачылыш аземи болуп, ага кыргызстандык коомдук ишмерлер Дастан Сарыгулов менен Анарбек Усупбаев катышып келишти. Анда Нобель сыйлыгынын ээси Далай-Лама ноябрда кыргызстандык меймандарды кабыл алып, кыргыздарды байыркы эл катары билээрин айткан жана Будда сак элинен чыккан даанышман экенин билдирген.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматтарга караганда өткөн он айда өлкө аймагында төрт миң тогуз жүз беш жол кырсыгы катталып, андан 898 адам каза болгон. Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери автокырсыктардын көп болуп жатыш себебин жолдо жүрүү эрежелери сакталбай, транспортту катуу ылдамдыкта айдоо себеп болууда.
Профессионалдык бокс боюнча Түндүк Американын чемпиону, кыргызстандык Алмазбек Раимкулов АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-ноябрь күнү полиция тарабынан кармалып, камакка алынган. Анын камалышы тууралуу коомчулукта түрдүү божомолдор айтылып, мындан үч жыл мурда автоунаасын кызуу болуп айдап, полициядан качкан дешсе, айрымдары муну атаандаштары атайын жолун тазалоо үчүн уюштурду деген пикирлер да бар. Кыргызстандын спорт коомчулугу да Алмазбектин камалышына тынчсыздангандыгын билдирүүдө.
Кыргыз-орус Славян университетинин профессору, саясат таануучу Александр Князевди 16-ноябрда кечинде белгисиз эки адам үйүнүн жанынан күтүүсүз кол салып, сабап качып кетишкен. Саясат таануучу өзү бул окуяны саясий ишмердүүлүгүнөн улам же этникалык себептердин негизинде болушу мүмкүндүгүн айтып жатат. Укук коргоочулар бул окуяны милиция тергөөгө алышы керектигин, сексенден ашуун улуттар ынтымактуу жашап, энтикалык куугунтуктоолор жоктугун айтышууда.
Чыңгыз Айтматов жаш курагы келип жеткенине байланыштуу жаңы жылдан тарта дипломаттык кызматын өткөрүп берүүнү көздөп жатканын маалымат каражаттарына билдирди. Ал эми Кыргызстан эгемендүү болгону менен дипломатия тармагына анча маани бербей, айрым учурларда чыныгы кесипкөй адистер элчи болбой келеатат, деген да пикирлер айтылууда.
Кыргызстандын футбол боюнча 16-чемпионатынын финалдык таймашууларында өлкөнүн үч жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Канттын “Абдыш ата” командалары беттешип, эки атаандаш тең чыкканы менен баш байгени “дордойчулар” төртүнчү ирет катары менен сактап калышты.
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүн чагылдырган маалымат каражаттарына мыйзам талаптарын бузбай бекем сактоо керектигин эскертти. Шайлоо мыйзамы боюнча үгүт жүргүзүү өнөктүгү 26-ноябрда башталат. Бирок ага чейин эле бир катар маалымат каражаттарында тигил же бул партиянын ураанын чакырган бир жактуу мааалыматтар чыгып кетип жаткандыгы БШКнын тынчсыздануусун пайда кылууда.
26-октябрдан 3-ноябрга чейин Кытай Эл республикасынын Макао өлкөсүндөгү жабык имараттардагы Экинчи Азия оюндарына 32 мамлекеттин командасы катышып, баш байгени кытайлык спортчулар жеңип алышты. Борбор Азиядан Казакстан өлкөсү бешинчи орунду ээледи. Кыргызстандык спортчулар өлкө тарыхында алгачкы ирет жабык имараттардагы Азия оюндарында 2 алтын, 5 күмүш медаль утуп алышты.
Макао өлкөсүндө Экинчи Азия оюндарында 23 мамлекеттин спортчулары күч сынашууда. Кыргызстандык кикбосчулар өлкө тарыхында алгачкы ирет жабык имараттардагы Азия оюндарында 2 алтын, 4 күмүш медаль утуп алышты.
Жылкы изилдөөчүлөрдүн пикиринде мындан 3 миң жыл илгери эле көчмөндөр Борбор Азия жана Сибирь аймагында кыргыз жылкыларын минип жүрүшкөн. Тоо- ташка, ысык- суукка чыдамдуу, кышкысын кар тээп оттогон тукуму үзүлүп бараткан кыргыз жылкысын сактап, калыбына келтирүүдө француз адистери салым кошуп келүүдө. Алардын демилгеси менен быйыл «Кыргыз аты- ат оюндары» фестивалы Ысыккөлдө үчүнчү ирет өткөрүлгөнү турат. Быйылкы фестивалдын дагы бир өзгөчөлүгү Франциядан келген команда менен хорсбол ат топ оюнуна жергиликтүү команда катышмакчы.
Парламент таратылып, кезексиз шайлоо жарыяланаары менен оппозициялык маанайдагы экс- депутаттарга айрым мамлекеттик жана менчик маалымат каражаттарынын сын-дооматы күчөдү. Ал эми шайлоо өнөктүгүнөн колу бошобогон экс-депутаттар аша чапкан сын-дооматтарга жооп берүүгө чолоосу тийбей жатат.
Амман шаарында 28-октябрда болгон экинчи беттешүүдө Кыргызстандын улуттук тандалма командасы Йорданиянын командасына утулуп, 2010- жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган дүйнө чемпионатына иргеп алуу мелдештеринин экинчи этабына чыга албай калды.
Болгар өлкөсүнүн Великотырнове шаарында кол күрөш, армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатынан кыргызстандык чоюн билек балбандар жеңиш менен кайтып келишти. Алар 1 алтын, 3 коло медаль утуп алышты.
Президенттин парламентти таркатуу тууралуу жарлыгы чыгаары менен айрым депутаттар кызматтык автоунааларын дароо тапшырып, өздүк буюмдарын алышып, кабинеттерин дагы бошотуп беришти. Депутаттардан эң акыркы болуп Санжар Кадыралиев менен Ташкул Керексизов кечээ автоунааларын тапшырышты. Ошондой эле кызматтык турак үйлөрдө жашап турган депутаттарга квартираларды тез арада бошотуу тууралуу парламенттин иш башкармачылыгы кат жолдоду.
"Быйылкы туристтик сезонду ачуу максатында көлгө барып, Ысыккөл районунун акими Турусбек Мансуровдун кесепетинен 172 800 сом карыз мойнума илинип калды", деп куудул Борончу Кудайбергенов маалымат каражаттарына банкрот болгонун билдирди. Ал эми Ысыккөлдүн акими Борончу жөн гана догурунуп жатат, деп чыгымдарды эч кандай төлөп берүүгө келишим болбогонун, эч кандай карызы жоктугун маалымдады.
Дагы жүктөңүз