"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Бээжинде өтө турган 29-олимпиадалык оюндарга Кыргыз туусун грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев көтөрүп барып, өлкө намысын коргойт. Кыргыз жигиттеринен биринчи болуп Бээжин олимпиадасына жолдомо алган грек- рим күрөш боюнча Азия чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев да олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылаарын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/05F609B3-1081-43BB-A290-DE990BFFDB5E.asp оюндарга балбан Руслан Тумөнбаевдин даярдыктары кандай? Бээжин олимпиадасында анын негизги атаандаштары кимдер?
Бээжинде өтө турган Олимпиада оюндарга дүйнөнүн мыкты спортчулары даярдык көрүп, камынып жатышат. Кыргызстандык спортчулардан биринчи болуп Бээжин Олимпиадасына жолдомо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/03/78D1477E-C7CC-4217-8D6E-008FAFBAB4EB.asp алган эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев да Олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылаарын билдирүүдө. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга балбан Базар Базаргуриевдин даярдыктары кандай? Бул орусиялык бурят жигити кандайча Кыргызстандын намысын коргоп калган?
Чыгыш өнөрүнүн чеберлери Макен Исаков жана Медер Итибаев башында турган “Ак каркыра” спорттук ден соолукту чыңдоочу борбор чыгыш элдеринин ушу-тау, тайзицюань, цигун, ян жана башка стилдерин, ыкмаларын кыргыз жергесине жайылтып келет. Ал эми бүгүн (9-апрелде) дүйнө жүзү белгилей турган тайзицюань медициналык жана жоокердик багыттагы өнөр. Бирок ал спорт же гимнастика менен чектелбейт. Тайзицюанды көп кырдуу өнөр, илим жана философия дешет адистер.
Байыркы замандан калган кыргыздын улуттук оюндары --> http://azattyk.kg/rubrics/sport/ky/2008/03/FE74A24C-D305-4AA6-AFDD-5DD6EB5556C9.asp адамдан тунук сезимди, тапкычтыкты, жөндөмдүүлүктү, шамдагайлыкты талап кылып, кыраакылыкты арттырган. Мындай бабалар мурасын муундан муунга өткөрүү маселеси учурда унутта калып келатат .
Учурда өлкөдө жазгы талаачылык иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Айыл жана суу чарба министрлигинин маалыматына караганда бүгүнкү күнгө чейин түштүк аймагында жаздык дан эгиндин 95 пайызы себилди. Кыргыз өкмөтү жазгы айдоо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/E0C9360C-895E-4289-90D4-185E4C836EA0.asp иштерин жүргүзүүгө дыйкандарга күйүүчү майды арзан баада берүүгө аракет кылышаарын билдирген. Ал эми ысыккөлдүк, нарындык жана таластык дыйкандар болсо убада кылынган күйүүчү майды алигиче алалбай жаткандыгына нааразы.
Кыргызстанда 1-апрель расмий түрдө болбосо да күлкү күнү катары айтылып келет. Бирок Маданият министрлиги бул күнү эч кандай күлкү конкурстарын, куудулдар оюн-шоогун белгилеген эмес. Сатира жанрларын айырмалай албаган, сахна тилин, өзгөчөлүктөрүн билбеген, театралдык билими жок куудулдар бул тармактын кадыр-баркын кетирмек болду, деп күйүп-бышат өлкө маданиятына эмгек сиңирген артист, белгилүү куудул, обончу Күмөндөр Абылов кабарчыбыз менен болгон маегинде.
Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарга кыргызстандык эки жигит жолдомо утуп алышты. Учурда Кыргызстандан 10 спортчунун олимпиадага жолу ачылып, даярдык көрүшүүдө. Негизинен июнь айынын аягына чейин дагы спорттун айрым түрлөрү боюнча Бээжинге жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой болсо да даярдыктын, камылганын начардыгы спорт коомчулугунда сынга алынууда.
24-мартта кечинде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча Азиянын экинчи чемпионаты жыйынтыкталды. Мөрөй талашууга Азиядагы 15 өлкөнүн балбандары катышып, күч сынашты. Кыргызстандын балбандары 12 алтын, төрт күмүш медаль жеңип алышып, командалык эсепте биринчи орунга чыгышты. Экинчи орунду Казакстан ээлеп, байгелүү үчүнчү орун Өзбекстандын командасына ыйгарылды.
Бүгүн Нооруз майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Ошондой эле Бишкектин спорт жайларында, Панифилов атындагы эс алуу жайында жеңил атлетика, баскетбол, футбол, шахмат, чыгыш өнөрлөрү, улуттук спорт түрлөрүнөн кыргыз күрөшү, аркан тартмай мелдештери Нооруз майрамына арналат.
Нооруз майрамына карата үч күндөн бери Бишкектеги «Аккула» ат майданында көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул ирет Казакстан менен Кыргызстандан тандалган 8 команда мөрөй талашып жатышат. Жеңүүчүлөр 21-март Нооруз күнү аныкталат.
2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин буюртма менен белгилүү беш спортчу мерт болду. Расмий маалыматтарга караганда, эгемендик жылдары жалпысынан ушул жол менен 20 спортчу жок кылынган. Бирок аларга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин бири да акырына чыгып, бети ачыла элек. Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматына караганда, буюртма киши өлтүрүүгө, анын ичинде белгилүү спортчулардын өлүмүнө байланышкан жагдайлар коллегияда каралары күтүлүүдө.
Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарга даярдыктын, камылганын начардыгы спорт коомчулугунда сынга алынууда. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндар спорттун 28 түрү боюнча өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 203 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышмакчы.
Бүгүн 7-мартта жарык көргөн гезиттердин баары айымдарды, кыз-келиндерди, эже-карындаштарды Жаз майрамы менен куттукташып, макалалар түрмөгүн арнашты.
Кыргыздардын кыз-келиндерине, аялзатына арналган элдик оюндары арбын. Кыргыздын кыздары учурунда аттын кулагы менен тең ойноп, кыз куумай, оодарыш, эңиш, тыйын эңмей сыяктуу ат оюндарында жигиттердин намысын козгоп, мөрөй алып да турган. Замандын шарапаты менен кыргызстандык 3 спортчу кыз-келин олимпиадалык бийиктикти багындырып, алтын медаль тагынган. Эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө кыз-келиндер спортко анча көңүл бурбай келгени өкүнүчтүү.
Өткөн жылдын эң негизги жана маанилүү мелдештеринин жыйынтыктары боюнча кыргыз спортунун 2007-жылдагы абалы аныкталып жана жыйынтыгы декабрь айында эле чыгарылган. Бирок каражат маселеси учурунда чечилбегендиктен мыктыларга урмат-сый көрсөтүү «олимпиадалык кече» бүгүн 5-мартта өткөрүлгөнү жатат. Өткөн жылы жылдызы жанып ийгиликке жетишип, Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан спортчулар кимдер?
Армениядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык акциясын уюштурган оппозициянын жактоочуларын полиция күч колдонуу менен таратуу учурундагы түнкү кагылышууларда 8 адам каза болгонуна кыргызстандык саясатчылар да тынчсыздангандарын билдирүүдө. Бийлик чукул кырдаалды эбак эле киргизгенде мындай кайгылуу окуя болмок эмес, шайлоодо утулган мурдакы президент элди козутуп туура эмес кадамдарга барды, деген пикирлер да айтылууда.
Кечээ кечинде Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча өлкөнүн быйылкы чемпионатынын күч сынашуулары жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Себеби былтыр АКШнын Чикаго шаарында өткөн дүйнө чемпионатында жана февралда Тайланд Королунун Кубогунда кыргызстандык тогуз боксчунун бири да Бээжин олимпиадасына жолдомо албай калышкан. Ошондуктан жаңы тандалма команданы түзүү зарылдыгы келип чыгып, бокстун деңгээли төмөндөп кеткени да сынга алынууда.
29-февралда өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын академик-окумуштуулары ушул илимий мекеменин президенти кылып химия илимдеринин доктору, академик Шарипа Жоробекованы шайлашты. Илимий мекеменин жетекчисин шайлоого 40 академик катышты. Айрым окумуштуулар заманга жараша улуттук илимдер академиясын реформалоонун зарылдыгын да айтышты.
29-февралда өлкөнүн Улуттук илимдер академиясынын академик-окумуштуулары ушул илимий мекеменин президентин шайламакчы. Учурда Улуттук илимдер академиясында 43 академик, алтымыштан ашуун мүчө-корреспондент жана бир миң алты жүздөн ашуун кызматкер иштейт. Айрым окумуштуулар заманга жараша Улуттук илимдер академиясын реформалоонун зарылдыгын айтып жүрүшөт.
Президент Курманбек Бакиевдин суу-энергетикалык эл аралык академия түзүү демилгесин Европарламент колдоого алганын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирди. Анда мындай академия түзүлсө, Борбор Азиядагы суу-энергетика маселелерин дүйнөлүк тажрыйбалардын алкагында чечүүгө болоор эле деген пикир айтылып, «Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан менен Европарламенттин энергетикалык жана экологиялык кызматташуусу жакшырат эле» деп белгиленген. Бирок муну айрым адистер Акаевдин бийлиги учурундагы бийик айтылып, аткарылбай калган иш-аракеттин бири болушу ыктымал деген пикирин айтышууда.
Дагы жүктөңүз