"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Буга чейин окуу китептерин коерго жери жок мектептеги китепканага айылдын окуучулары 500 адабий китеп чогултуп беришти.
Баткенде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде кармалып, байлоого алынган эчкемер талаага кое берилди. Ага чейин жоголуп кетет деп Кызыл китепке киргизилген эчкемерди бирөө кармап, сатып жатканы тууралуу маалымат интернетте тараган болчу.
Эчки эмерди кармап, сатууга даярданып жаткан адам өзбекстандык болуп чыкты.
Баткен районундагы Тажикстан менен чектеш алты айылга түнкүсүн жарык берүүчү чырактар орнотулду. Аны Бирикен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы каржылады. Долбоор чек арадагы чыңалууну жеңилдетип, жаңжалдарды кыскартууга багытталган.
Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында үч ай мурда төрт метр тереңдиктеги сел аккан сай казылган. Бирок ал элүүдөн ашык үй-бүлөгө түйшүк жаратты. Алар казылган жерден машинелери менен зарыл оокат, буюмдарын алып өтө албай убара.
Юстиция министрлиги алыскы Лейлек районунда укуктук кеңеш берүүчү борборун ачты. Аны ачууга USAID эл аралык уюму колдоо көрсөттү. Борбор юридикалык жардамга муктаж бардык жарандарга акысыз кеңеш берет.
Баткендеги жалгыз биоорганикалык азыктарды өндүргөн «Алыш-Дан» айыл чарба кооперативи Орусияга эки миң тонна биоорганикалык ашкабак экспортоону макулдашып, 15 гектардан ашык талаага биринчи жолу ашкабак айдашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым адистери үй курууда илгертен колдонуп келген сынч ыкмасын бүткүл өлкөгө жайылтуу зарыл деп билдире башташты. Буга 1977-жылы Баткенде күчү 7 баллга жете жер титирегенде турак үйлөрдүн кулабай калганы башкы себеп. Сынч ыкмасы менен курулган үйлөрдүн бекемдигинин
Баткен облусунун чек ара аймактарында кыргыз-тажик кошуналардын ынтымагын бекемдөө максатында таланттуулар сынагы өткөрүлдү. Сынакка эки өлкөдөн 26 өнөрпоз катышып, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.
Баткен районундагы Табылгы айылы 20 жыл мурун жер көчүү коркунучу бар деп аныкталыптыр. Ал жерде жашаган 24 үй-бүлөгө коопсуз жайга көчүп чыгуу эскертилип, башка аймактан жер да, ссуда да берилген. Бирок 17 үй-бүлө дагы деле көчкүсү жок.
Баткенде айтылуу айгүл гүлдөп, аны көргөнү келгендердин саны быйыл жылдагыдан көп болуп, күнүгө миңден ашык киши тоого чыгууда.
Баткен облус борборунан 15 чакырымдай турган Дөбө айылы 20 жыл мурун түптөлгөн. Ошондон бери айылдыктар таза сууну төрт чакырымдан ташыса, айрымдар жамгырдын, кардын суусун ичишет.
Кыргыз коомчулугу акчаны кантип табат жана аны кандай максаттарга жумшайт?
27-март күнү кечке жуук Ош-Баткен жолунун Кадамжай районуна караштуу бөлүгүндө Ош шаарынан Баткенге машыгууга бараткан аскерлер түшкөн автоунаа кырсыкка кабылып 30 жоокер ооруканага жеткирилди.
Баткен шаарын жана Баткен районунун алты айыл аймагын суу менен камсыздаган Төрткүл суу сактагычы медициналык таштандыларга толуп жатат. Суу сактагычка келген суу Тажикстандын да айылдарын аралап өтөт.
Баткенде биринчи топтогу майып Элмурат Гаипов өз турмушун оңдоп алууну ак эткенден так этип самап жашайт. Учурда Элмурат үй-бүлө күтүп, жубайын тигүүчүлүккө даярдап жаткан экен. Келинчеги да майып.
Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан Кадамжай районунун Ынтымак айылынын тургундарынын айтымында, кошуналардын аскердик машыгуу талаасы алардын кыштагына жакын орун алган. Өзбекстандын куралдуу күчтөрү машыккан учурда айылдыктар кооптонуп турушат. Анткени атылган октор, оор техникалар алардын
Кыргызстандын аймактарында спорттун кайсы түрүнө көбүрөөк кызыгышат?
Баткенге өрүк бактары жылына орточо 10млрд сомдук киреше алып келет. Өрүктү органикалык жол менен кургатып, сапаттуу таңгактап чет базарларга сатуу менен кирешени он эселеп көбөйтсө болоорун айтышат адистер. Ал үчүн өрүктү иштетүчү мекемелерди ачып, жакшылап кам көрүп, дүйнөлүк базарга алып чыгуу за
Дагы жүктөңүз