Бишкектин айрым тургундары Иерусалимди Израил борбору катары таанууга каршы акция өткөрүштү. "Umma.kg" басылмасы палестиналыктарга тилектештик билдирүү максатында уюштурган митингге 80дей киши катышканын маалымдады.
Бишкек шаардык мемориалдык музейлер башкармалыгынын башчысы Арман Момаханова айлыгы да, сыйлыгы да жарытпаган музей ишмердигин эмнеге тандап алганын, кыргызча кантип “тили буудай кууруп” калганын “Азаттыктын” “сыябан-маегинде” баяндап, созолонто ырдап да берди.
НТСтин тегерегиндеги окуяларга байланыштуу телеканалдын юристи Амантур Абдырахманов жана "Grexton Capital LTD” компаниясынын адвокаты Елена Дзимидовичтин пикири.
НТС телеканалынын мүлкү каттоого алына баштаганын медиамекеменин юристи Амантур Абдырахманов билдирди. Бүгүн түш ченде каналдын имаратына сот аткаруучулар менен прокуратура кызматкерлери барышкан. Алар эки сааттай жабык эшик артында сүйлөштү.
Бишкектин Биринчи май районду соту “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыгарды. Соттун чечимине ылайык Шыкмаматов эркиндикте калганы менен 5 млн. сом айыпка жыгылды.
Мындай пикирин коопсуздук маселелери боюнча эксперт Таалатбек Масадыков «Азаттыкка» маегинде билдирди. Аны менен кабарчыбыз Бакыт Асанов маектешти.
24 жаштагы Айпери Аралбаева тубаса шал оорусу менен ооруйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндердин укугун коргогон "Назик кыз" борборунун активисти Айпери майыптарга карата басмырлоо мамиле менен күрөшүп келет.
Белгилүү кинорежиссер, сценарист, продюсер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” көркөм тасмасы Таллиндеги дүйнөгө белгилүү “Караңгы түндөр” кинофестивалында баш байгени жеңди.
Жогорку Кеңештин китепканасында 8 миңге жакын китеп бар. Эки жыл мурда китептердин 70% электрондук түргө которулган. Ага карабастан китепканага күнүнө онго жакын адам гана баш багып, эл өкүлдөрү дээрлик кирбейт.
27-ноябрдын таңында Сокулук РИИБнын тергөө абагынан качып кеткен төрт адамды милиция күчөтүлгөн тартипте издөөгө алды. Чүйдүн кире беришиндеги өткөрмө постто милиция автоунааларды тыкыр текшерип жатса, издөө иштери Бишкектеги Ош базарында жана ага жакын көчөлөрдөгү үйлөрдө уланды.
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү салтанаты өттү. “Азаттык” шаар тургундарынын айрымдарына кайрылып, жаны шайланган президенттен кандай өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын сурады.
Жазуучу Султан Раевдин “Топон” романы Эл аралык Стокгольм адабий фестивалында (“Open Eurasian Book Forum & Literature Festival” - 2017) “Ири проза” номинациясы боюнча баш байгени утуп алды. Жазуучуга ошондой эле Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы “Мыкты роман үчүн” сыйлыгы ыйгарылды
Бүгүн Ак үйдүн алдына чогулган жарандык активисттер президентке Суу кодексине кирип жаткан өзгөрүүлөргө каршы петицияны тапшырды. Жарандык активист Рита Карасартова петицияга кол топтоо change.org сайты аркылуу жүрүп, ага 2 миңдей киши кол койгонун билдирди.
Анын чеберчилиги жана чыгаан чыгармачылыгын баалаган калыстар фестивалдын сыйлыгын да ыйгарды. Педагог композитор эми өзү тарбиялап жаткан студенттеринин тобун таптап, келерки жылы аталган фестивалга катыштыруу аракетин көрө баштады.
Сатылгановдун портретин өзгөчө ыкма менен тарткан. Ошондой эле, 2014-жылы экранга чыккан «Аку» мультипликациялык тасманын автору. Мындан тышкары, анын быйылкы эмгектеринин катарын манасчы Саякбай Каралаевдин айран менен тартылган сүрөтү толуктайт.
Жыл сайын болчу фестиваль быйыл КЫргызстан менен Жапониянын дипломатиялык байланышынын 25 жылдыгына арналды жана аны Кыргыз-Жапон эл аралык борбору уюштурду.
Бүгүн Бишкекте жол кырсыктарын алдын алууга үндөгөн акция болду. Аны “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси жол кырсыгы канча адам өмүрүн алгандыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурду. Акция жол кырсыктарынан каза тапкан адамдардын сөлөкөтү тартылган арт-инсталляция менен коштолду. Акцияны
Кыргызстандын коммунисттери Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын урматына салтка айланган митинг өткөрүп, Лениндин эстелигине гүл коюшту.
Сокулук районундагы көп улуттуу Төмөнкү Чүй айылынын маданият үйүнө драматург Бексултан Жакиевдин ысымы ыйгарылды. Маданият үйүн кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов жеке аракети менен жасалгалап, Эл баатырынын атын ыйгарууну сунуштаган. Айылдын эли сунушту колдоп, ага арналган салтанатта ар ул
Бишкекте чыгыш адабиятына арналган "Шанс" аттуу китеп дүкөнү ачылды.
Дагы жүктөңүз