"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Учурда Кыргызстандын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинде мурдагы президент К.Бакиевдин бир нече аткаминерлери камакта болсо, дагы бир катары тергеп-тескөө иштерине тартылган. Көз карандысыз укук коргоочулардын билдирүүсүдө, камакка алынгандардын саны жыйырмадан ашты.
Өткөн жумада Бишкекке келген АКШ президенти Обаманын улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол үч күн ичинде убактылуу өкмөт мүчөлөрү, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын, жаштардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Убактылуу өкмөттүн маалымат саясаты боюнча координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязов учурдагы бийликтин маалымат саясаты жана маалымат менен камсыздоо системасы кандай иштеп жатканы тууралуу кеп салат.
Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева Москвада Улуу Жеңиштин 65 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышууга кетти. Бүгүн Орусиянын борборунда КМШнын лидерлеринин бейрасмий жыйынында Кыргызстандагы абал талкууланып, бирок өлкөнүн атынан эч ким ага катышкан жок.
АКШ президентинин өкүлү М. Макфол апрель окуясында Кыргызстан оор жоготууга учуроо менен бирге демократияны өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алганын белгиледи.
Бул күндөрү АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол Кыргызстанда иш сапарда жүрөт. Вашингтондун өкүлү кечээ убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, АКШ-Кыргызстан кызматташуусу жогорку деңгээлди көздөөрүн айтты.
К. Бакиевдин тушунда ички иштер министри, Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, Нарын облусунун губернатору болуп иштеп келген милициянын генералы Өмүрбек Суваналиев апрель окуяларына мамлекеттик төңкөрүш катары баасын берди.
Кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы тарабында болбосун 6-7-апрелдеги кан төгүлгөн окуяда жапа чеккендерге ар кандай жол менен жардам көрсөтүп жатышат. Германиянын Бремен Университетинин доценти, доктор Гүлай Байтерекова (КМУУнун чет тилдер кафедрасынын мурдагы башчысы, 20 жылдан бери Бремен Университетинде жана өтө зээндүү балдардын эл аралык Обернойланд гимназиясында эмгектенет) шашылыш түрдө Бишкекке келип, өз мекендештерине колдоо көрсөтүүдө.
Көз карандысыз Хьюман Райтс Уотч (Human Rights Watch) уюму 6-8-апрелде болгон Кыргызстандагы окуялар боюнча иликтөө жүргүзүп, атайын билдирүү таратты. Анда Кыргызстандын убактылуу өкмөтүн апрель окуяларын иликтөө үчүн эл аралык комиссия түзүүнү тездетүүгө чакырды.
“Акыйкат үчүн кыймылынын” жетекчиси, мурдагы тышкы иштер министри жана оппозициялык саясатчы Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” курган маегинде убактылуу өкмөттүн айрым кадамдарын сынга алып, жаңы саясий партия түптөп жатканын билдирди.
19-апрлде ички иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында өлкөдөгү туруктуулук милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө экендиги жана мурдагы президент Бакиевдин бир туугандары Кыргызстанда жашырынып жаткандыгы айтылды.
Мурдагы коргоо министри генерал Бакыт Калыевди бошотууну талап кылып жаткан топтун жетекчиси, Жалал-Абаддын тургуну Абдаким Кушбаков "Азаттыктагы" маегинде убактылуу өкмөткө коюп жаткан талабы жөнүндө түшүндүрмө берди.
"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Жалал-Абаддагы соңку кырдаал жөнүндө "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.
“Азаттыктын” түз байланыштагы маегинде “Туран” партиясынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Кыргызстанга парламенттик башкаруу ылайыктуу экендигин жана алдыда болчу парламенттик шайлоого ал жетекчилик кылган партия катышаарын айтты.
Убактылуу өкмөт жетекчисинин конституциялык реформа боюнча орун басары Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү кандай багытта болоору тууралуу сөз курду. 19-апрелде Конституциялык Кеңешме түзүлүп, жаңы Баш мыйзамдын долбоору талкууга коюлат.
АКШ Мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блэйк Бишкекте убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда. АКШ азырынча Кыргызстандын жаңы бийлигин расмий тааныбаганы менен экономикалык жардам берилээри айтылды.
Бүгүн убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” берген маегинде кылмыш иши козголгон К.Бакиевдин туугандарын өз эрки менен укук коргоо органдарына колго түшүп берүүгө чакырды. Ошондой эле президентти Кыргызстандан чыгарып кетүүгө кызыкдар тараптар бар экенин билдирди.
7-апрелде түштөн кийинки Кыргызстандын расмий бийлигиндеги өзгөрүүлөргө ылайык генерал Исмаил Исаков коргоо министринин милдетин аткарууга киришти. Түрмөдөн чыгаар алдында Исмаил Исаков “Азаттыкка” телефон аркылуу кыска маек куруп берди.
3-апрелде Бишкекке келген БУУнун баш катчысы Бан Ги Мун Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. БУУнун Бишкектеги үйү алдында болсо журналисттер менен укук коргоочулар тобу өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылганын айтып пикетте турушту.
1-апрелде “Стан-ТВ” медиа компаниясынын Бишкектеги кеңсесиндеги компьютерлерди Кыргызстандын каржы полициясы камакка алган. 2-апрелде өткөн маалымат жыйынында аталган медиа ишкананын жетекчилери мындай чечимди бийликтин атайын буйругу деп баалашты. Ал эми Каржы полициясы бул ишканага расмий каттоосуз Казакстандан 200 миң АКШ долларын алып келген жана кеңседеги компьютерлер уурдалган программалар менен жабдылган деген күнөө коюуда.
Дагы жүктөңүз