"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
“Азаттык” үналгысынын “Данисте” телекөрсөтүүсү шейшемби сайын Кыргызстандын булуң-бурчунан кызыктуу репортаждарды, адам тагдырлары жана чет жактагы журтташтар тууралуу видео баяндарды сунуштап келет. Бул жолу суу ташкындарынын кесепети, Москва шаарындагы бараар жери жок калган эгиз балалуу келин, гр
Бүгүн Ак үй алдында "Азаттык" радиосун колдогон митинг өттү. Ага 10 чакты укук коргоочу, жарандык активист катышып, парламентте демилгеленип жаткан мыйзам долбооруна каршылык билдиришти.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эмен бактарынын 90 пайызы зыянкеч курт-кумурскадан жабыркап, учурда жалбырагы саргайып, күбүлүп жатат. Илимдер академиясынын вице- президенти Биймырза Токторалиев “Азаттыкка” анын себептери тууралуу айтып берди.
Калыс-Ордо жаңы конушунун жашоочулары Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдына нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алардын айтымында төрт күндөн бери комитетке тиешелүү болгон аймакта жайгашкан кудуктан суу берилбей жатыптыр. Анын себебин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасын
Жалал-Абадда малак курт каптаган токой аянттары 40 гектардан ашты. Баткен элинин негизги кирешеси болгон өрүгү бышып, Орусияга экспорттоло баштады. Буту баспай калган Эржан төшөктө жатып калгандар үчүн ыңгайлашкан керебеттерди чыгарып жатат.
Жай башталары менен көл жээгинде эс алууну көздөгөн, деги эле жеңил көйнөк кийгиси келген айымдардын көбү ашыкча түктөн арылуунун ар кыл жолун издешет. Сергек жашоо берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында эпиляция жана деплияциянын айырмасы, аны туура жасатуу жолдору тууралуу сөз болот.
Бишкек: базарлардагы башаламандык
Кыргызстан адам укугун сактоо менен гана Европа биримдигинин жалпы жеңилдик системасынан (ВСП+) колдоно алат. Бул тууралуу Бишкекте жалпы жеңилдик системасын колдонуунун жол-жобосуна арналган талкууда айтылды. Бул үчүн Европа биримдигинин атайын делегациясы келип, ишкерлерге жеңилдик тутумун пайда
"Бактылуу балалык белек кылгыла"
“Азаттык” үналгысынын “Данисте” телекөрсөтүүсү ар шейшембиде ЭлТРден Кыргызстандын булуң-бурчундагы окуяларды, кызыктуу репортаждарды жана өзгөчө адамдар тууралуу видео баяндарды сунуштап турмакчы. Ошондой эле чет жерде жашап жаткан мекендештер, алардын жашоо-турмушу менен да тааныштырып турабыз.
Кыргыз-орус өкмөт башчыларынын жолугушуусунан кийин Орусиядан Кыргызстанга мунай жана мунай продуктыларын ташып келүү, Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу боюнча кызматташуу келишимдеринин долбоорлоруна кол коюлду.
3-4-июнь күндөрү Бишкекте "EXPO Made in Kyrgyzstan" деп аталган эл аралык көргөзмө өтүүдө. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында уюштурулуп жаткан иш-чарага элүүгө жакын компания катышып жатат.
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү Акүй алдына эки нааразылык акциясын өткөрдү. Акцияга чыккан 50дөн ашык адам аталган коомдун президенти Калык Мамбетакунов майыптар үчүн курулган батирлерди жең ичинен бөлүштүрдү деп айыпташууда. Ошол эле учурда экинчи акцияга чыккандар Мамбетакуновду колдорун
1-июндан тарта Кыргызстандагы унааларга жаңы үлгүдөгү номерлер бериле баштады. Жаңы үлгүдөгү номерде атайын коргоо белгилери күчөтүлдү. Номер үч тамга, үч сандан турат. Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09 чейинки сан менен көрсөтүлөт.
Бүгүн Кыргызстандын фунбол боюнча курама командасынын оюнчулары «Газпромнефть» компаниясына келген кардалдарды тейлешти. Акцияны Футбол федерациясы жанан «Газпромнефть» компаниясы биргеликте уюштурган. Максаты иш чарадан түкөн каражатка онкологиялык оорууларды дарылоочу каражаттар сатылып алынмакчы
Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазовду күнөөлүү деп тапты. Муну менен Биринчи май райондук сотунун мурдагы чечими өзгөрүүсүз калды.
Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен парламенттин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соту уланууда. Бүгүн сот тараптардын жарыш сөзүн угууга киришти. Жараян учурунда Данияр Нарымбаев да, Хажимурат Коркмазов да күнөөсүз экендигин айтышты. Нарымбаев
Бишкекте кумсаларга каршы акция өттү
Дагы жүктөңүз