Орусиянын Мамлекеттик Думасы КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына жылына эки гана жолу 90 күндүк мөөнөт менен жүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорду сунуштады.
25-ноябрдан тарта Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы он алты күндүк өнөктүк жүрүп жатат. "Азаттыктын" кабарчылары зомбулук көрүнүштөрүнө, себептерине, мындай фактылардын ачыкка чыгуу тенденциясында өзгөрүү бар-жогуна кызыкты.
"Азаттыкттын" кабарчылары медициналык жайлардагы коопсуздукка, тез жардам кызматындагы жагдайга, бейтап -дарыгер мамилесине кызыкты.
Жогорку Кеңеш депутаты Акматбек Келдибековдун УКМК тарабынан камалышы коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Укук коргоо органдары аны коррупцияга каршы күрөштүн негизинде камалганын айтса, оппозиция муну саясий буйрук катары баалады. Келдибековдун камалышынын артында эмне турат жана ал өлкөнүн саясий турмушуна кандай таасирин тийгизет. Бул суроолорго саясий илимдердин кандидаты, журналист Бакыт Орунбеков жооп берди.
Казакстандын Алматы кааласындагы "Кулагер” жана “Арал” базарындагы өрттүн айынан кыргыз ишкерлеринин товары күйүп кетти.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Орусиянын миграция саясаты, анын кыргыз мигранттарына тийгизчү таасирлери тууралуу суроолорго жооп берди.
"Ата-Журт" жана "Республика" фракциялары "Кыргызгаз" ишканасын орусиялык "Газпром" компаниясына сатуу боюнча келишимди жактырган жок.
Расмий маалымат боюнча Бишкекте мектеп жашына чейинки балдардын 25%, ал эми өлкө аймактарында 13% гана бала бакчага барат. "Азаттыктын" кабарчылары бул көрүнүштөн улам келип чыккан көйгөйлөргө жана бала бакчалардагы абалга кызыкты.
Ички иштер министрлиги Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарынын жаңжалы тууралуу маалыматты тастыктады.
Социал-демократтар фракциясы жалган маалымат тараткан ММКны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорду колдоду.
Премьер-министр Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүн көбөйтүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун саясий популизм деп атады.
Кыргызстанга келип иштеген сырт мигранттардын 67 пайызын кытайлыктар түзөт.
Быйылкы окуу жылдын экинчи айында "Азаттыктын" кабарчылары мектеп рэкетчилиги боюнча соңку тенденцияга кызыкты.
Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр боюнча парламент кабыл алган токтом боюнча түшүндүрмө берди.
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат 4 депутаттын кол тийбестигин алуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды.
7-октябрдагы Караколдогу башаламандык боюнча кармалган 23 адам Бишкекке жеткирилди.
Коомдук телерадиокорпорация балдарга арналган “Баластан” телеканалын обого чыгара баштады.
Аксынын Үңкүр-Тоо аймагындагы станция алынса Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору байланышсыз калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалымат катчысы Нуркамал Турсунбекова “Азаттыкка” маегинде эскертти.
Чаткал районунда кен иштеткен компаниянын жергиликтүү тургундар тартып алган техникалары кайтарылып берилди.
Аксылыктар Уңгар-Тоо аймагындагы "Кыргызтелекомдун" станциясы турган жерге кирип келген өзбек чек арачыларын тезинен чыгарууну талап кылууда.
Дагы жүктөңүз