Милиция Ноокенде добушканада илинген телефондун чоо-жайы иликтенгенин билдирди

Ноокен районундагы №2410 шайлоо тилкесиндеги дубалга илинген телефон. Видеодон алынган скриншот.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шайлоо күнү Ноокен районундагы добушканада дубалга илинип, тилкенин ичин тартып жаткан телефондор жөнүндө 2-декабрда “Азаттыкка” маалымат берди.

“2025-жылдын 30-ноябрь күнү Ноокен районундагы №2410 шайлоо участкасында, Б.Сыдыковдун өкүлдөрү тарабынан эсептөө урналарын видеокамерага тартып жаткандыгы аныкталган. Аталган факты Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган материалдын мыйзамдуулугу райондук прокуратура тарабынан текшерилди. Тергөө кызматы тарабынан Жаза-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин негизинде кабыл алынган чечим боюнча №13 округунун шайлоо комиссиясынын төрагасына билдирүү берилип, №2410 шайлоо учаскасынын комиссия мүчөлөрүнө карата чара көрүү үчүн материалдар жиберилди”, – деп айтылат милициянын маалыматында.

Мунун алдында “7-канал” телеканалы Ноокен районундагы №2410 добушканасында 30-ноябрда тартылган видеону жарыялаган. Анда добуш берүү жүрүп жаткан каанадагы дубалга камерасы бюллетендерди салуучу үкөктү каратылып, илинген телефонду көрүүгө болот.

Видео тартып жаткан кишиге жооп берген адам ал талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлү экенин, кайсы бир адамдар телефонду ушинтип илип коюуга буйрук беришкенин айтып жатат. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алар “мүмкүн эмес экенин айтканына карабай, илип коюшканын” билдирген. Мындан соң тилкеге милиция кызматкерлери келип, териштире баштаганы тасмада көрсөтүлгөн.

№2410 добушканасы Ноокен районунун бир бөлүгүн жана Базар-Коргон районунун бир бөлүгүн камтыган №13 шайлоо округуна кирет. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, аялдардан Айгүл Карабекова алдыга чыкты.

Бактыбек Сыдыков кеп болуп жаткан окуя боюнча комментарий бере элек. Борбордук шайлоо комиссиясы жана жергиликтүү комиссия өкүлдөрү да билдирүү таратыша элек.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. (ErN)