"Ар бириңердин үйүңөргө жарык алып келем". Шайлоодо алдыга озгон жаңы, жаш жүздөр жана убадалар

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү.

мазмуну

  • Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоодо күтүүсүз жерден утуп чыккандар болду. Алардын арасында коомчулуктун калың катмарына дээрлик белгисиз жаштар, буга чейин саясатка аралашпай келгендер да бар. Мындай талапкерлердин айрымдары буга чейин жергиликтүү бийликте иштеген, жергиликтүү кеңештерде шайланып жүргөн. Ошондой эле арасында ишкерлер, бизнесмендердин балдары жана тууган-уруктары бар.
"Азаттык" парламенттик шайлоодо көп добуш менен алдыга чыгып, биринчи жолу депутат болгону жаткандарды талдады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы эсебине ылайык, парламенттин бул чакырылышындагы эң жаш депутат №12 шайлоо округунан шайланып келген 25 жаштагы Бекмырза Чолпонбай уулу болмокчу. Буга чейин саясатка аралашпаган коомчулукка белгисиз жигит бул шайлоодо 14,5 миңден ашык добуш топтогон.

Чолпонбай уулу өзүнүн атасы туулуп-өскөн Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунан талапкер болгон. Мамлекеттик юридикалык академиянын коллежин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин магистратурасын аяктаган. Башкы прокуратурада жарандарды кабыл алуу жана документ менен иштөө бөлүмүндө эмгектенген.

Айрым маалыматтарга караганда ал Бишкектеги "Жаңыбайдын самсасы" деп аталган тез татым тамактануучу жайларды ачкан ишкердин уулу.

Маалыматтарга караганда, Бекмырза Чолпонбай уулу эң көп үгүтчү жалдаган, социалдык тармактарга активдүү үгүт жүргүзгөн, катталуучулары көбүрөөк колдонуучуларды үгүткө тарткан талапкерлердин бири болгон.

Үгүт маалында аны таанымал куудул Тынарбек Курбаналиев баштаган адамдар коштоп жүргөн. Эл менен жолугушууларда кабелтең убадаларды берип, жаттап алгандай окшош сөздөрдү айтып келген.

Бекмырза Чолпонбай уулу

"Мен Жогорку Кеңешке депутаттык мандат, же жаш кезимде депутат болдум эле төш белги тагынып деп кандайдыр бир кадыр-барк үчүн барган жокмун. Менин шайлоого барган себебим, ушул жерде турган ар бириңиздердин, ар бир шайлоочунун оюн, көйгөйүн парламенттин трибунасынан сүйлөгөнү бара жатам. Биз мыйзамды кантип туура жазууну жана ишке ашыруунун жолун билебиз. Мен чыкканда күн жаркырап турат. Мен ар бириңиздердин үйүңүздөргө жарык алып келем", - деген Чолпонбай уулу.

Бекмырза Чолпонбай уулу тууралуу ар кандай сөздөр айтыла баштады жана тамашага чалып аны "киндер сюрприз" деген атка кондургандар дагы чыкты.

Дагы караңыз Парламенттик шайлоо: Aлдыга чыккан талапкерлер

№20 шайлоо округунан 26 жаштагы Темирлан Айтиев алдыга озду. Ал бул округдан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаевден көбүрөөк добуш топтоду.

Айтиев 1999-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда туулган. Айтиевдин социалдык тармактарга жарыялаган маалыматына ылайык, кесиби юрист, биринчи ирет 2021-жылы Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Достук айылдык кеңешине депутат болуп шайланган, эки жолу айылдык кеңештин төрагасы болгон. Айрым бир маалыматтарга караганда, ал дагы колунда бар үй-бүлөдөн чыккан.

Үгүт маалында: "Мен өзгөрүүнү күтпөйм, мен өзгөрүү жасайм", - дегендей катуу ураандарды айткан.

Бул шайлоого катышкан талапкерлердин бири Акан Иманов бул жолку шайлоо ресурсу чектелгендер үчүн оңой болбогонун айтты.

Акан Иманов.

"Бул шайлоодо мыйзамдагы "миң үгүтчү" деген жобо иштеди. Ошол ар бир агитатордун артында бештен киши болгондо эле беш миң добуш топтолот. Миң үгүтчүнүн ар бирине эле 20-30 миңден төлөп бергенде деле бул абдан чоң, олчойгон сумма болуп жатат. Бул шайлоодо аты чыккан, бирок тыйыны жок талапкерлердин парламентке келишине мүмкүнчүлүктөр азайып калат экен. Бул шайлоолор деле каржылык ресурс биринчи орунда турарын көрсөттү".

Бул шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири озуп чыккан, парламентке биринчи ирет депутат болгону жаткандар арасында буга чейин жергиликтүү бийликте иштеген, жергиликтүү кеңештерге депутат болгондордун көптүгү болду.

Эдита Тайгараева

Алардын бири - №19 шайлоо округундая аялдар арасында эң көп добуш топтогон Эдита Тайгараева. Ал 46 жашта. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Эл аралык укук башкаруу, финансы жана бизнес академиясында окуган. Балдар бакчасында тарбиячы, Сокулук райондук кеңешинде, мамлекеттик администрациясында башкы адиси болуп эмгектенген. Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болгон.

Дагы караңыз 22-ноябрь: Чуулгандуу видеодон кийинки тинтүү жана кармоо

Деген менен юрист Атыр Абдрахматованын пикиринде, бул шайлоо өлкөнүн бардык эле аймагы парламентке жаштардын, жаңы жүздөрдүн келишин колдобой турганын көрсөттү.

Атыр Абдрахматова.

"Кээ бир шайлоо округдарында жаштардын суурулуп чыкканы кубантат. Бул саясатка жаштардын келишине кээ бир гана өрөөн даяр экенин билдирет. Бирок ошол эле учурда жаттап алган кооз сөздөрдү сүйлөгөн, буга чейинки кайсы бир иштери менен аты чыкпаган талапкерлерди деле шайлап коюшту. Бизде илгертен келаткан популисттик сөздөргө, популисттик иш-аракеттерге элдин ооп кеткени кала электигин көрсөтүп жатат. Добуш сатып алуу фактылары болду, айрымдарына кылмыш иштери козголуп, кээ бири көз жаздымда калды. Мунун баары суроо жаратат. Жаштар толугу менен алмаштыра турган учур деле келе жатат. Бирок ошолордун артында ким бар, чоң бир саясатчы, же саясий күчтөр турбайбы, алар оюнчук болуп бербейби деген суроолор кала берет. Эми аны убагы келгенде байкайбыз да".

Эркин Бийбосунов

№18 шайлоо округунда марага экинчи болуп бодо мал багуу менен алектенген, Нарзан айылдык кеңешинин эки жолку депутаты, 33 жаштагы Эркин Бийбосунов келаткан. Бирок аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептелгенде анын атаандашы

Бакыт Чомоев

Бакыт Чомоев аз гана добуш менен озуп кеткен. Чомоев 36 жашта жана буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасын жетектеген. Жалпысынан 2016-жылдан бери жол курулуш тармагында жүргөн.

Филология илимдеринин доктору, окумуштуу Венера Сайпидин "Азаттыкка" курган маегинде парламенттин бул жолку чакырылышында саясатчылардын жаңы мууну алмашпаганын белгиледи.

Венера Сайпидин.

"Бул Жогорку Кеңеш жалпы улуттук масштабда ой жүгүртө алган, концептуалдуу ойлору бар, мамлекеттик түзүлүш тууралуу түшүнүгү бар, парламенттин функциясын түшүнгөн, кандайдыр бир идеялар менен жашаган жана саясий айдыңда жигердүүлүгүн көрсөткөн инсандар келе турган жер болуп эсептелет. Ар кайсы тармактын, ар кайсы чектелген аймактын лидери келе турган жер эмес экенин туура түшүнүшүбүз керек. Анткени Жогорку Кеңеш бул мамлекеттик институт. Мамлекеттик институттар күчтүү болгон учурда гана күчтүү мамлекет түзө алабыз. Муну айтып жатканымдын себеби, шайлоо жүрүп жаткан учурда көптөгөн талапкерлер дебатка, уюштурулган жыйындарга келбей коюп жатышты. Жалпыга маалымдоо каражаттары программалары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк берген учурларды пайдаланышкан жок. Мына ушунун баары азыркы парламенттин сапаттык көрсөткүчүнө чоң таасирин тийгизет. Мындан сырткары мыйзамда каражаты, мүмкүнчүлүгү бар талапкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөдүбү. Бул дагы инттеллектуалдык жана башка ресурстарын өнүктүрбөй, каржылык ресурсу көп, мурда саясий айдында болбогон, мурда белгисиз болгон талапкерлердин парламентке келип калышына мүмкүнчүлүк түздү. Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы саясий лидерлердин муунун алып келиши керек эле. Жаңы саясий элитаны калыптандырганга шарт түзүшү керек болчу. Тилекке каршы мурунку чакырылышта өзүн жакшы жагынан көрсөтө албаган депутаттар кайра шайлоого катышып, кайра парламентке келип калышы, саясий же мыйзамдык болбосо деле абийир, мораль деген лимитти эске салат", - деди Сайпидин.

Дагы караңыз Шайлоо: 30 округдан 467 талапкер катталды


БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын добуш берүү аяктагандан кийин эки аптанын ичинде, 14-декабрга чейин жарыялашы керек.

Гүлай Машрапова

Парламенттин бул жолку чакырышындагы эң жаш депутат 25 жашта болсо эң улгайганы №7 округдан аялдар арасында эң көп добуш алган 69 жаштагы Гүлай Машрапова болмокчу. Анын кесиби мугалим, Ош облустук, Ош шаардык жана Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыктарын жетектеп жүргөн.