Жогорку сот Асанов менен Бейшенбековго чыккан чечимди күчүндө калтырды

Курсан Асанов (солдон үчүнчү, көк кийимчен) жана Турсунбек Бейшенбеков (оңдон экинчи, кызыл кийимчен) сот отурумунда. Архивдик сүрөт. 8-июнь, 2023-жыл.

Жогорку сот ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жана анын өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбековдун иши боюнча биринчи-экинчи инстанциялар чыгарган өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу Санарип сот порталында 1-декабрда жарыяланган документте айтылат.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында Курсан Асановго үч иш козголгонун, алар Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралып жатканын маалымдаган.

Биринчиси, "Ички иштер министрлигинин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген" деген кине. ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек Курсан Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон деген маалымат тараган.

Экинчиси, Асанов өзү жана “Чындык” гезитинин ошол кездеги башкы редактору Турсунбек Бейшенбеков экс-вице-премьер Жеңиш Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталган. Андагы маалыматтарда Бейшенбеков Асановдун өкүл баласы экени, гезитке маалыматты ошол аркылуу чыгарганы кабарланган.

Үчүнчүсү, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Анда Асановго “Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу баласына, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берген” деген негиздеги, ичине буюмдар салынган кызгылт пакет боюнча айып коюлган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 8-июнунда Курсан Асановду, анын уулу Мухаммедали Асановду жана айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулун биринчи жана үчүнчү иштер боюнча актаган. Экинчи иш боюнча Курсан Асанов жана Турсунбек Бейшенбеков күнөөлүү деп табылып, иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жазадан бошотулушкан.

Адвокаттар Бишкек шаардык сотуна арыз беришкен, шаардык сот 2023-жылдын 7-сентябрында ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Жогорку сот соңку өкүмүн 2025-жылдын 19-ноябрында чыгарган.

2021-жылдын январь айында Курсан Асановго 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча, ошол эле жылдын сентябрында “Бийликти күч менен басып алуу” деген берененин негизинде да иштер козголгон. Кийин Биринчи май райондук соту ал окуяга айыпталгандарды "кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган. Жогорудагы айыптар боюнча Асанов бир нече жолу камалып, кайра кое берилген.

2019-жылдын 7-8-августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөн, анда УКМКнын бир офицери каза болгон. (ErN)