БШК жалпы алты талапкерди шайлоого катышуудан четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо мыйзам бузду деген негизде алты талапкер жарыштан четтетилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов 28-ноябрда маалымат жыйында билдирди.

Мындан тышкары 30 талапкердин өзүнө жана өкүлдөрүнө эскертүү берилди. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын жана үгүт жоболорун бузганы үчүн 503 миң сомдук айып пул салынды.

Бегматовдун билдиришинче, жалпы 467 талапкер катталган болсо, анын 461и шайлоого катышат.

БШК 27-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңешке шайлоого Бишкектеги №22 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жана №24 округдан талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Бишкек шаардык милициясы алар добуш сатып алууга айыпталып жатканын билдирген.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.

Дагы караңыз

Четке чыгууга бөгөттүн бары-жогун текшертип ала турган портал иштей баштадыЛукашенко Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын айттыТажик-ооган чек арасындагы кол салууда Кытайдын үч жараны набыт болду Киев АКШ менен сүйлөшүүлөр апта соңунда да өтөрүн билдирди