Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы чет өлкөгө чыга турган жарандарга карызы жана сыртка чыгууга чектөөнүн бар-жогун текшерүү үчүн онлайн порталды ишке киргизди.
Мекеме бул долбоор ачыктыкты камсыздап, жарандарга сыртка чыгууда ыңгайсыздык жаратпоо үчүн алдын ала маалымат алууга шарт түзөрүн билдирди.
“Бул порталдан жарандар карызы бар же жок экенин, чет өлкөгө чыгууга чектөө коюлуп-коюлбаганын, сот аткаруучунун аты-жөнүн жана байланыш номурун ала алышат. Ошондой эле аткаруучу менен чектөөнү алуу жана кандайдыр бир тоскоолдуктарды жоюу боюнча ыкчам байланыша алат”, - деп жазылган билдирүүдө.
Порталды колдонуу үчүн жаран уюлдук телефону менен атайын QR кодду ачып, өзүнүн жеке идентификациялык номурун териши керек.
Буга чейин карызы болгону үчүн чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынып, бирок бул тууралуу өзү кабардар болбогон жарандардын маселеси парламентте көтөрүлгөн. Анда аэропорттон карызды дароо төлөп, сыртка чыгууга уруксат берүү талабы айтылган. Андан кийин карыз жана бөгөт тууралуу маалыматты Сот аткаруу департаментинин сайтынан жеке идентификациялык номур аркылуу текшере турган бөлүм ачылган. Анда сот аткаруучу менен байланыш боюнча маалымат болгон эмес.
Сот аткаруу департаментинин маалыматына караганда, 2022-жылы 180 миңден ашуун адамдын соттук карыздары катталган. Алар - банктардан алган насыяларын кайтарбаган, мамлекетке салык боюнча карыз болгон, балдары үчүн алименттерин жана ар кандай мүнөздө салынган айып пулдарын төлөбөй жүргөндөр. Арасында жол эрежесин бузуп, "Коопсуз шаар" долбоорунун видеокамерасына илинип, бирок айып пул салынганын билбей, 1000 сомдук айып пулдун айынан чет өлкөлөргө чыга албай калгандар да болгон.